ӨНДҮРҮШТҮК ОКУУ ИНСТРУКТОРУ

ӨНДҮРҮШТҮК ОКУУ ИНСТРУКТОРУ

Жарыяланган: 22 June 2022

Жабык

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Өндүрүштүк окуу инструктору (Кумтөр кени)

Билдирүүнүн номери: KGC-22-192 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • Ар кандай багыттар боюнча курстарды даярдоо (гидравликалык, электр, механикалык жумуштар);
  • Окуу пландарын, материалдарды даярдоо жана жаңылоо;
  • Мобилдик жабдууларды оңдоо жана тейлөө боюнча окуу иштерин уюштуруу;
  • Окуу графигин түзүү жана көзөмөлдөө;
  • Кызматкерлердин билимин текшерүү үчүн тесттерди даярдоо;
  • Теориялык жана практикалык окууларды жана сынактарды өткөрүү;
  • Тоо-кен жана башка жабдууларды диагностикалоо жана оңдоо иштерин жүргүзүү;
  • Жумушчулар аяктаган окуу курстарын эсепке алуу жана каттоо.

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР: 

  • Инженер-механик, автоэлектрик, гидравликалык системалар багыттары боюнча жогорку техникалык билим;
  • Багыты боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
  • В жана С категориясындагы айдоочулук күбөлүк;
  • Microsoft Office программаларын колдоно билүү;
  • Ишти белгиленген мөөнөттө бүтүрүү жөндөмдүүлүгү, максатка умтулуу, ыкыластуулук коюу, стресске туруктуулук, ийкемдүүлүк жана баарлашууга жөндөмдүү болуу.

ЖУМУШ ШАРТТАРЫ: 

  • ​​​​​​​Жумуш орду: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Кумтөр кени;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык расмий жумуш;
  • Бийик тоолуу шарттарда вахталык ыкма менен иштөө.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 6-июль саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf).

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: KGC-22-192.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.