«Мээрим Булагы» балдар үйүндɵ жана «Байэль» балдар бакчасында инновациялык теплицалардын ачылышы

«Мээрим Булагы» балдар үйүндɵ жана «Байэль» балдар бакчасында инновациялык теплицалардын ачылышы

Жарыяланган: 10 November 2014

2014-жылдын 4-ноябрында Түп районунун Ак-Булуӊ жана Ак-Булак айылдарында «Мээрим Булагы» (Ак-Булуӊ) балдар үйүнүн базасында жана «Байэль» (Ак-Булак) балдар бакчасында теплицалардын ачылышы болду. Бул «Кумтɵр» компаниясынын финансылык колдоосунан улам «АВЕП» коомдук фонду тарабынан жүзɵгɵ ашырылып жаткан «КАРАГАТ+» долбоорунун алкактарында мүмкүн болду.

Балдар бакчасындагы инновациялык теплицалардын жардамы менен жыл бою балдарды жаӊы жана экологиялык таза жашылчалар менен камсыз кылуу гана эмес, финансылоонун кошумча булагына жеткиликтүүлүктү алуу да мүмкүнчүлүгү пайда болмокчу.
«Мээрим Булагы» балдар үйүндɵ жана «Байэль» балдар бакчасында 100дɵн ашуун бала, анын ичинде ата-эненин кароосуз калышкан балдар жашап жана тарбияланышат. Теплицаларды куруудан мурда биз бул мекемелердин окутуучуларын жана тарбиячыларын теплица чарбасынын кɵндүмдɵрүнɵ окуттук. Ошондой эле долбоордун алкагында тажрыйба алмашуу максатында алар ɵлкɵ ичиндеги алдыӊкы теплица чарбаларында боло алышты. Болочокто, теплицаларда ɵстүрүлгɵн экологиялык таза жашылчалар бул мекемелердеги балдар менюсун ар түрдүү кылууга жана витаминдердин тартыштыгы проблемасын чечүүгɵ жардам бермекчи», – деп белгиледи долбоордун координатору Жаныбек Пакыров.

«Кумтɵр» компаниясынын жана «АВЕП» коомдук фондусунун «КАРАГАТ+» биргелешкен үч жылдык долбоору жергиликтүү жамааттарды ɵнүктүрүүгɵ жана жащылча-жемиш рыногунун потенциалын ɵнүктүрүүгɵ багытталган. Жүзɵгɵ ашырылуу территориясы – түштүк жээкке басым жасалуу менен Ысык-Кɵл областы. «АВЕП» фондусунун адистери питомниктердин, теплицалардын жана айыл чарба продукцияларын кабыл алуу пункттарынын тармагын түзүүгɵ кɵмɵк кɵрсɵтɵт. Долбоор жɵнүндɵ кеӊири маалымат тɵмɵнкү сайта жеткиликтүү: www.karagat.kg

Маалымат үчүн:
«АВЕП» коомдук фонду – Кыргыз Республикасынын элет региондорун туруктуу жана инновациялык ɵнүктүрүүгɵ натыйжалуу кɵмɵктɵшүү максатында эл аралык уюмдардын, жеке, коомдук жана мамлекеттик сектордун кеӊири спектри менен иштɵɵчү Борбор Азиялык ɵкмɵттүк эмес жана саясый эмес уюм.