Көз карандысыз эл аралык эксперттер «Кумтөр» кен ишканасынын ишмердүүлүгүн иликтөөнүн корутундуларын бериштиҮстүбүздөгү жылы апрелде «Кумтөр» кен ишканасында компаниялардын ишмердүүлүгүнүн курчап турган чөйрөгө социалдык жана жана экологиялык таасирин баалоо менен алектенген канадалык көз карандысыз консультациялык «Prizma» (мындан ары «Призма») компаниясынын эксперттери болушту. Жетектөөчү адистер Мехрдад Назари жана Дон Пробстель кен ишканасынын ишмердүүлүгүнө көз карандысыз баа берүү максатында «Кумтөргө» барышты.

2012-жылы февралда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Аалы Карашевдин катышуусунда «Кумтөр» кен ишканасынын ишмердүүлүгүнүн аракеттеги мыйзамдардын талаптарына ылайыктуулугу темасына тегерек стол болуп өткөн. Бул иш чаранын жүрүшүндө «Кумтөр» кен ишканасынын ишмердүүлүгүнүн экологиялык жана өнөр жайлык коопсуздуктун талаптарына ылайыктуулугун баалоо боюнча Ведомстволор аралык өкмөттүк комиссиянын отчету угулган. Комиссиянын отчету Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отурумунда депутаттарга да берилген. Андан тышкары, үстүбүздөгү жылдын январь-февралында «CEE Bankwatch Network» ӨЭУнун сайтында Ведомстволор аралык өкмөттүк комиссиянын корутундулары жана гидрогеолог жана геохимик Роберт Моран мырзанын комментарийлери жайгаштырылган.

Ведомстволор аралык комиссиянын «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКынын (мындан ары КОК) ишмердүүлүгүнө тиешелүү отчетунун натыйжалары жана доктор Морандын баяндамасында камтылган сын пикирлер «Центерра Голд Инк.» компаниясынын акционерлеринин жогоруда көрсөтүлгөн сын пикирлерди баалоону жүргүзүү үчүн көз карандысыз эксперттерди тартуу өтүнүчү менен кайрылуусунун себеби болуп калды.

«Призманын» эксперттери бардык болгон маалыматтарды иликтешти жана КОКтун ишмердүүлүгүнүн ачыктыгына, суунун сапатына, биологиялык ар түрдүүлүккө, мөңгүлөргө, Петров көлүнө жана кен ишканасын жабуу планына тиешелүү өз рекомендацияларын беришти.

Өздөрүнүн ишинин жыйынтыктары боюнча эксперттер отчетту жана рекомендацияларды беришти, алар Кыргыз Республикасынын Президентине, Премьер-министрине жана КРнын Жогорку Кеңешине, контролдоочу органдарга, ошондой эле бардык кызыкдар тараптарга жөнөтүлгөн.

Маалымат үчүн:
Доктор Дон Пробстелдин кесипкөй иш тажрыйбасы 25 жылга жакын. Ал Чет элдик жеке инвестициялар корпорациясынын («OPIC») экологиялык жана социалдык маселелер боюнча ага аналитигинин, «Pike Research» компаниясынын рыноктук аналитигинин, «Gold Reserve Inc» компаниясындагы экологиялык жана туруктуу өнүктүрүү боюнча вице-президентинин, «AATA» эл аралык компаниясынын экологиялык биологиялык ар түрдүүлүк боюнча ага консультантынын, Россия илимдер академиясы жана Москва мамлекеттик университети менен тыгыз кызматташкан Бүткүл дүйнөлүк лосось илим-изилдөө институтунун директорунун экологиялык консультантынын кызматтарын камтыйт. Азыркы учурда Дон Пробстель жаратылыш маселелери боюнча илимий кеңешчи, Гаваидеги орду толтурулуучу энергетикалык технологиялардын иштеп чыгуучусу болуп саналат, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк банктын Инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча Эл аралык борборунун кароосунда турган ишке өз салымын кошууда. Доктор Пробстель балык чарбасы жана жапайы жаратылыштын биологиясы боюнча бакалавр даражасына жана Колорадо штатынын университетинен алган курчап турган чөйрөнүн биологиясы тармагында докторлук даражага ээ.

Мехрдад Назари мырза 20 жылдык кесипкөй иш тажрыйбасына ээ. Ал Бүткүл дүйнөлүк банктын Инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча Вашингтондогу Эл аралык борборунун эксперттик күбөсү катарында иштейт, ошондой эле алар Эл аралык финансы корпорациясынын («IFC») IFC тарабынан белгиленген саясаттар жана процедуралар менен ылайыктуулугун баалоону талап кылган тоо-кен казып алуу долбоорлорунун омбудсменине консультация берүү боюнча Эксперттик кеңешинин мүчөсү да болуп саналат. Мурда Мехрдад Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкында (ЕӨРБ, 2003-ж. чейин) курчап турган чөйрө боюнча башкы адис катарында иштеген жана инвестициялык долбоорлорго экологиялык жана социалдык баалоо жана мониторинг жүргүзүү менен алектенген. Назари мырза Лондондогу «CoreRatings» корпорациясында «CSR Research» компаниясынын (мурда «Fitch», а азыр «DNV» корпорациясына кирген) башчысы да болгон, ал компания активдерди жана пенсиялык фонддорду башкаруу боюнча кызматтарды көрсөткөн. Ал ошондой эле экологиялык жана инженердик маселелер боюнча алдынкы консалтингдик «Dames & Moore» (азыркы «URS») компаниясында долбоордун жетекчиси да болгон. Назари мырза Германияда, Улуу Британияда жана АКШда (Фулбрайт грант алуучусу) жерге ээлик кылууга, бизнес башкарууга жана туруктуу өнүктүрүүгө басым жасоо менен академиялык билим алган. Ал Франкфурттагы Гете университетинин (Германия) минералогия тармагында бакалавр даражасына жана Бирмингем университетинин (Улуу Британия) гидрогеология тармагында магистр даражасына жана Хенли бизнес мектебинин МВА даражасына ээ. Ал Рокфеллер фондунун – Курчап турган чөйрөнү коргоо жана өнүктүрүү программасынын мүчөсү, отчеттуулукту камсыз кылуунун лицензияланган провайдери да болуп саналат. Ал компанияларга кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүүгө жана так жана мезгилдүү отчетторду карманууга жардам берет.

«Кумтөр Оперейтинг Компани» төмөндө «Призманын» эксперттеринин «Кумтөр» алтын кен ишканасындагы экологиялык жана өндүрүштүк коопсуздуктун нормаларын сактоо маселелери боюнча негизги корутундуларын жана рекомендацияларын (мындан ары «Призманын» көз карандысыз баалоосу) сунуш кылат:

1. Кен ишканасына жеткиликтүүлүк жана ачыктык:

«Призманын» көз карандысыз баалоосу КОКту Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча ар жылдык отчетту жарыялоо аркылуу маалыматты жарыя ачыктоо бөлүгүндө алдынкы эл аралык стандарттарды колдонуучу, Отчеттуулуктун глобалдуу демилгесин киргизүүчү жана Казып алуучу тармактардын ачыктыгы демилгесинин (КТАД) принциптерин сактоочу компания катарында мүнөздөйт. «Призма» ошондой эле «Кумтөр» кен ишканасында жыл сайын Кыргыз Республикасынын ар кандай контролдоочу органдарынын өкүлдөрү, эл аралык аудиторлор жана консультанттар (жылына 25-30га жакын инспекциялар) болуп турганын да белгилейт.

«Призма» жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен мониторинг программасын, отчеттуулук жана кепилдиктер процесстерин, ошондой эле КОКтун транспаренттүүлүк принциптерине берилгендигин колдоп туруунун кошумча ыкмаларын иликтөөнү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн кароону сунуш кылат.

2. Суунун сапаты (мышьякты жана цианиддерди кошо алганда):

«Призманын» көз карандысыз экспертизасы Петров көлүндөгү мышьякка же цинаидди колдонууга жана пайдаланууга карата коркунуч туудурган кандайдыр-бир фактыларды тапкан жок.

«Призма» бир катар рекомендацияларды берди, алардын ичинде төмөнкүлөр да бар:
● үлгүлөрдү алуу программасына көмүр-суутек анализин кошуу;
● компания тарабынан операциялык ишмердүүлүктө Цианиддерди пайдалануунун эл аралык институту тарабынан цианидди транспорттоо жана пайдалануу процедураларын сертификаттоо процессин аяктоо;
● ошондой эле сульфаттардын курамынын жогорулатылган деңгээлине байланыштуу суунун сапатына узак мөөнөттүү таасир этүүнү болтурбоо, кыскартуу же жумшартуу үчүн кошумча чараларды киргизүү зарылдыгын да кароо.

3. Биологиялык ар түрдүүлүк маселелери:

«Призманын» отчетунда КОК менен Сарычат-Эрташ коругунун биологиялык ар түрдүүлүктү колдоо жана сактоо боюнча кызматташуу таржымалына өзгөчө көңүл бурулган. «Призма» Комиссиянын жерлердин («Буфердик зоналар» сыяктуу) бөлүнүп берилгенин билдирген карталардын так эместигине жана анын негизинде корук түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-ж. 10-мартындагы №76 токтомуна дал келбегендигине карата тиешелүү чочулоолорун (ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдар сыяктуу башка топтордун да чочулоолорун да) эске алды.

«Призма» КОКко коруктун Өкмөттүн токтомунда көрсөтүлгөн чек араларын тактоо, тоо-кен иштерин жана геологиялык чалгындоону жүргүзүү территориясын бөлүп алуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо тармагындагы иш жүзүндөгү кырдаалды аныктоо жана зарылдыгына жараша Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча аракеттер планын иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын тийиштүү ведомстволоруна жана башка кызыкдар тараптарга кайрылууну сунуш кылды.

4. Мөңгүлөр жана сууну керектөө:

Кыргыз Республикасынын БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча Рамкалык конвенциясы (UNFCCC) үчүн Улуттук билдирүүсүнө жана башка жарыяланган маалыматтарга ылайык, «Призманын» көз карандысыз баалоосу Кыргызстандын бардык территориясы боюнча мөңгүлөрдүн интенсивдүү ээрүүсүнүн Мындай кубулуш «Кумтөр» кен ишканасынын жанында да байкалат, бирок ал көбүнчөсү тоо-кен казып алуу ишмердүүлүгү менен байланышпаган. Кен ишканасынын мөңгүлөргө, ошондой эле сууну керектөөгө таасирин сандык баалоо аркылуу «Призма» «Кумтөрдүн» бул өңүттөгү таасири өтө аз экенин далилдеди, ошондой эле аны менен Комиссия да цитата келтирген доктор Морандын тиешелүү комментарийлериндеги билдирүүлөрүнүн илимий негизи жок экендигин көрсөттү.

5. Геотехникалык маселелер жана Петров көлүнүн ширендилер дамбасы:

«Призманын» көз карандысыз баалоосунун алкактарында Петров көлүнүн табигый ширендилер дамбасына карата регионалдык эксперттер, эл аралык бирикмелер жана инженер-консультанттар тарабынан даярдалган көп сандаган изилдөөлөрдүн маалыматтары жана рекомендациялары изилденген.

«Призма» көлдүн жырып кетүүсүнүн жана калдыктарды сактоочу жайды каптап кетүүсүнүн мүмкүндүгү боюнча коркунучтар эки фактор менен өзүнөн-өзү жокко чыгарылаарын аныктады: биринчиден, калдыктарды сактоочу жайдын Кумтөр дарыясынын табигый нугуна салыштырмалуу бийик жайгашуусу менен, анын үстүнө көлдүн жээги жырылган учурда дарыянын нугу өзүнө сууну батыра алат; экинчиден, Петров көлү менен калдыктарды сактоочу жайдын ортосунда табигый тосмонун болушу менен. Андан тышкары, КОК көлдү жырып кеткен учурда анын эрозияга тушугуусун төмөндөтүү үчүн таяныч шынаасынын структурасын бекемдөө боюнча инженерлердин рекомендацияларын кароодо. «Призма» ошондой эле КОКко Петров көлүндө суунун деңгээлин төмөндөтүү жана аралык отчетторду көбүрөөк берүү, кызыкдар тараптарды геотехникалык маселелерди чечүү чөйрөсүндө, анын ичинде Петров көлүнүн табигый ширендилер дамбасына тиешелүү иштерди алдыга жылдыруу жөнүндө маалымдоо маселесин кароону да сунуштады.

6. Кен ишканасын жабуу боюнча маселелер:

«Призманын» көз карандысыз баалоосунда кен ишканасын жабуу процессине байланышкан бир катар маселелер каралды, алардын арасында кен ишканасын жапкандан кийинки экологиялык параметрлерге тиешелүү өзгөчө маселелерден тышкары жетиштүү финансылоого, жалпы пландаштырууга жана иштердин көлөмүнө карата кооптонуулар да айтылган.

Адистер КОКтун кен ишканасын жабуу маселесине мамилеси эл аралык практикага ылайык келе тургандыгы жөнүндө тыянакка келишти: компания учурда колдонулуп жаткан жана үзгүлтүксүз жаңыланып турган Кен ишканасын жабуунун концептуалдуу планына (КЖКП) ээ, ага ылайык, жабуунун эсептелген наркы 30 млн. АКШ долларын түзөт. КОК 2021-ж. чейинки мүмкүн болуучу өсүүлөрдү жабуу үчүн жакында бул сумманы 37 млн. АКШ долларына чейин көбөйттү. Адистер КОКко суунун болочокто сульфаттардын концентрациясынын деңгээли менен байланышкан сапаты маселелерине өзгөчө көңүл бурууга рекомендация беришти. Андан тышкары, «Призма» КОКко Кен ишканасын жабуунун кийинки редакцияларына социалдык мүнөздөгү жана биологиялык ар түрдүүлүк аспектилерин киргизүүнү сунуштады.

Азыркы учурда «Кумтөр Оперейтинг Компани» «Призманын» рекомендацияларын жана аларды эң жакшы жүзөгө ашыруу ыкмаларын кароодо. Компания ошондой эле «Кумтөр» кен ишканасынын ишмердүүлүгү менен байланышкан башка маселелерди талдоо жана кароо үчүн Кыргыз Республикасынын бардык кызыкдар министрликтери жана ведомстволору менен кызматташууну улантууга ниеттенүүдө.

Кошумча маалымат үчүн «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» ММКлар менен байланыштар боюнча бөлүмүнө кайрылыңыздар