20.09.2020: 11.76 USD карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 910 244 768 USD

«Кумтөр» кенине барчу технологиялык трассадагы окуя

Жарыяланган: 10 July 2017

9-июлда, эртең мененки 11:28де «Кумтөр» кен ишканасына жүк жеткирүүчү күнүмдүк конвойду аткаруу учурунда, күйүүчү май жүктөлгөн автоцистерналардын бири коопсуздук бермасын сүзүп алды. Ала-салынып кеткен цистерна технологиялык трассадан кууш, түздөк жерге чыгып калган жана ал жерде жети тоннадай дизелдик май төгүлгөн. Кандайдыр-бир суу булагына аралашуу болгон жок, анткени күйүүчү майдын төгүлүүсү чектелген жер тилкеге гана жайылган.

Өзгөчө кырдаалдар учурундагы аракеттердин бектилиген планына ылайык, окуя болгон жерге дароо авариялык бригада барып, кырдаал боюнча КР бийлик органдары маалымдалган.

Жеңил жаракат алган айдоочу жергиликтүү ооруканага жеткирилген.

Ошол эле күнү, булганган жер тилкеси толук тазаланган.

КГК жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен окуянын иликтөөсү бүткөнчө тыгыз кызматташууну улантууда.

Предыдущая публикация«Кумтɵр» компаниясы жана КР Кызыл Жарым ай Улуттук коому менен балдарды коопсуздук техникасынын негиздерине окутуу боюнча тренинг ɵткɵрдү Следующая публикация«Кумтɵрдүн» кызматкерлери Балыкчы шаарынын пляждарында ишембилик уюштурушту
20.09.2020: 11.76 карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы USD Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 910 244 768 USD
© 2011-2020 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.