«Кумтөр» кениндеги кырсык

«Кумтөр» кениндеги кырсык

Жарыяланган: 16 February 2020

2020-жылдын 15-февралында, саат 18:00дө, Петров көлүнүн түндүк-батыш тарабындагы табигый морена плотинасынын бөлүгүндө жайгашкан термокраст көлмөсүнө материалдарды төгүү иштери учурунда, экскаватор, ичиндеги машинисти менен түшүп кеткен.

Иштер бардык тийиштүү мамлекеттик органдар менен макулдашылган долбоор боюнча жүрүп жаткан. Кырсык боюнча маалымат келери менен «Кумтөр» кенинин тоо-кен куткаруу командасы дароо авариялык куткарууга киришти. Кен кызматкерин издөө иштерине Бишкек жана Караколдон келген ӨКМ суучул топтору кошулган.

Бардык мамлекеттик көзөмөл органдары окуя тууралуу компания тарабынан дароо кабарланган.

Учурда экскаватор машинистинин сөөгү табылды. Окуянын себептерин иликтөөчү комиссия түзүлдү.
__________________________________________________________________________
Кошумча маалымат үчүн ЖМК менен байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыздар.
Тел.: (312) 90-07-07; 90-08-08; факс: (312) 90-07-28 KGC.mediа@centerragold.com
– Соңу –