УЛУК ИНЖЕНЕР-ГИДРОГЕОЛОГ

УЛУК ИНЖЕНЕР-ГИДРОГЕОЛОГ

Жарыяланган: 10 March 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК 

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Улук инженер-гидрогеолог (Кумтөр кени)

Билдирүүнүн номери: KGC-22-081 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Гидрогеологиялык жана ага байланыштуу иштердин өз убагында аткарылышын камсыз кылуу;
  • Тиешелүү маалымат базаларын жүргүзүү менен гидрогеологиялык маалыматтарды чогултууну камсыз кылуу;
  • Өндүрүштүн перспективдүү, учурдагы жана оперативдик пландарын, эмгекти коргоо жана коопсуздук боюнча иш-чараларын иштеп чыгууга катышуу жана ага жүктөлгөн кызматтардын алкагында алардын аткарылышын контролдоо;
  • Гидрогеологиялык эсептерди чыгаруу. Зарыл болгон учурда гидрогеологиялык иштерди жана кенден суу кургатуу иштерин жүргүзүү боюнча технологиялык схемаларын жана регламенттерин иштеп чыгуу;
  • Гидрогеологиялык маселелердин алкагында сууну кургатуу жана бургулоо иштеринин өндүрүшүнүн технологияларынын сакталышын көзөмөлдөө;
  • Жабдууларды, механизмдерди, аппаратураларды жана башка техникалык каражаттарды иш объекттеринин ортосунда бөлүштүрүү, алардын эксплуатацияланышын жана тейленишин контролдоо;
  • Жабдууларга, механизмдерге жана башка материалдык-техникалык ресурстарга болгон керектөөнү аныктоо боюнча иштерди уюштуруу жана алардын сатылып алынуусун каттоо;
  • Керектүү техникалык документтерди иштеп чыгууну камсыз кылуу;
  • Гидрогеологиялык чөйрөдө колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын жана долбоордук чечимдердин, эмгекти коргоо эрежелеринин, өрткө каршы эрежелердин, экологиялык, санитардык жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу башка органдардын сакталышын контролдоо.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Жогорку кесиптик (гидрогеологиялык, геологиялык, гидрологиялык) билими;
  • Техник-гидрогеолог, гидрогеолог, геолог, гидролог катары 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
  • Жер үстүндөгү суу буруучу курулмаларга (арыктар, каналдар, суу өткөрүүчү жана суу алуучу курулмалар) байланыштуу эсептөөлөрдү жүргүзүү;
  • Басымдуу, басымсыз, жарым басымдуу трубопровод линияларына байланыштуу эсептөөлөрдү жүргүзүү;
  • Структуралык геология, геоморфология, төртүнчүлүк геология, геокриологиянын негизги түшүнүктөрүнө ээ болуу;
  • Пласттын/горизонттун негизги фильтрациондук параметрлерин расчеттоо жана эсептөө ыкмаларын билүү, жана аларды колдоно билүү (фильтрация коэффициенти, өткөрүмдүүлүк, деңгээлдер өткөргүчтүгү, гравитациялык, салыштырма, серпимдүү суу кайтарымы);
  • Бардык типтеги насостордун колдонуу өзгөчөлүктөрүн, иштөө принциптерин, артыкчылыктарын жана кемчиликтерин билүү, жана мунун натыйжасында аларды тандай билүү;
  • Горизонталдуу/вертикалдуу дренаждык скважиналарды долбоорлоо көндүмдөрү болуу;
  • Гидрологиялык-гидрогеологиялык маалыматты чечмелөө жөндөмүнө ээ болуу;
  • ACAD программасын билүү милдеттүү шарт болуп саналат;
  • Курулушка байланыштуу инженердик геологиялык изилдөөлөр тармагында базалык билими болуу;
  • Долбоорлоо, кусталык откачканы көзөмөлдөө көндүмдөрү болуу;
  • Бул кызмат жогорку кесиптик этиканы, деталдарга көңүл бурууну, креативдүү ой жүгүртүүнү жана чыгармачылыкты, окууга умтулууну, жоопкерчиликти, баарлашуу жөндөмүн жана стресске туруктуулукту талап кылат;
  • В категориясы боюнча айдоочулук күбөлүктүн болушу.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 24-март саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf).

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-081.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.