ЖАБДУУЛАРДЫ (ООР ТЕХНИКАНЫ) ОҢДОО СЛЕСАРЫ

ЖАБДУУЛАРДЫ (ООР ТЕХНИКАНЫ) ОҢДОО СЛЕСАРЫ

Жарыяланган: 14 September 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт 

Жабдууларды (оор техниканы) оңдоо слесары

Билдирүүнүн номери: KGC-21-0136 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • Оор техника бирдиктерин пландуу техникалык тейлөөсүн өткөрүү жана оңдоо;
  • Коопсуздук техника эрежелерин сактоо менен жумуштарды коопсуз аткарууну камсыз кылуу;
  • Оор техниканын кыймылдаткычын, трансмиссиясын, борттук редукторлорун, подвескаларын жана жүрмө бөлүк бирдиктерин оңдоо жана жөнгө салуу;
  • ET, VIMS, SIS программаларын колдонуу аркылуу жабдуулардын диагностикасын өткөрүү.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Атайын орто техникалык билим;
  • Адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
  • ЕТ, VIMS, SIS программаларын билүү;
  • Техникалык билимдер жана жабдууларды тейлөө жана оңдоо боюнча көндүмдөр;
  • Командада иштей билүү, ыкылас жана тыкан болуу.

Анкета жана резюмени 2021-жыл 26-сентябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0136

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.