ЭК ЖАНА КТ ИНЖЕНЕРИ

ЭК ЖАНА КТ ИНЖЕНЕРИ

Жарыяланган: 05 August 2022

Жабык

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

ЭК жана КТ инженери

Билдирүүнүн номери: KGC-22-229 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Ишкананын бөлүмдөрүндө жана подряддык уюмдарда эмгекти коргоо боюнча мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук актылардын сакталышын көзөмөлдөө;
  • Жумуш ордундагы эмгек шарттарын изилдөө, зыяндуу жана кооптуу өндүрүштүк факторлордун таасиринен коргоонуу каражаттарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо жана киргизүү;
  • Иштин коопсуз аткарылышына көмөктөшүү үчүн бөлүмдөрдө жана түзүмдүк бөлүмдөрдө, подряддык уюмдарда жумуш орундарынын пландуу текшерүүлөрүн жана коопсуздук боюнча жыйындарды өткөрүү;
  • Тиешелүү көрсөтмөлөрдү өз убагында толтуруу аркылуу кооптуу объекттерди текшерүүнү жүргүзүү жана аларды кендин тиешелүү бөлүмдөрүнө жана түзүмдөрүнө берүү;
  • Өрт өчүрүүчү каражаттарды текшерүү;
  • Өнөр жай коопсуздугу жана гигиена жагынан кен объекттерине мониторинг жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;
  • Коркунуч булактарын аныктоо боюнча иштерди жүргүзүү жана авариялар менен өндүрүштүк травматизмди болтурбоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү;
  • Белгиленген формалар боюнча жана тиешелүү мөөнөттө эмгекти коргоо боюнча отчетторду түзүү;
  • Автотранспорттордун ылдамдык режимдерин, объектилеринде жана участокторунда белгилердин болуусун контролдоо;
  • Имараттардын, курулмалардын, жабдуулардын, машиналар менен механизмдердин техникалык абалын, вентиляциялык системалардын эффективдүүлүгүн, санитардык-техникалык түзүлүштөрдүн, санитардык-тиричилик жайлардын абалын, кызматкерлердин жамааттык жана жеке коргонуусун текшерүүгө, изилдөөгө катышуу;
  • Кендин жумуш нускамаларын, процедураларын, жана кендин жумушчуларынын (ИТЖ) кызматтык милдеттерин кайра кароо жана алардын шайкеш келүүсүн көзөмөлдөө;
  • Контролирование своевременности проведения соответствующими службами необходимых испытаний и технических освидетельствований состояния оборудования, машин и механизмов, соблюдение графиков замеров параметров опасных и вредных производственных факторов, выполнение предписаний органов государственного надзора и контроля над соблюдением действующих норм, правил и инструкций по охране труда, стандартов безопасности труда в процессе производства Тиешелүү кызматтар тарабынан жабдуулардын, машиналардын жана механизмдердин абалына керектүү сыноолордун жана техникалык экспертизалардын өз убагында жүргүзүлүшүн контролдоо, кооптуу жана зыяндуу өндүрүштүк факторлордун параметрлерин өлчөө графигин сактоо, мамлекеттик көзөмөл жана контролдоо органдарынын эмгекти коргоо жана өндүрүштөгү эмгекти коргоо стандарттарынын сакталышы боюнча колдонуудагы нормаларды, эрежелерди жана нускамаларды аткарууга эскертүүлөрүн аткаруу.

 МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР: 

  • Жогорку билим (инженердик-техникалык/тоокен);
  • Кен казуу тармагында 5 жылдан кем эмес иш тажрыйба, анын ичинен эмгекти коргоо жана өндүрүштүк коопсуздук жаатында 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 15-август саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf).

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: KGC-22-229

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.