МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ДИРЕКЦИЯСЫНЫН ӨНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН “ИНТЕГРАЦИОНДУК ИШТЕП ЧЫГУУЛАР” ТОБУНУН БАШЧЫСЫ

Жарыяланган: 13 January 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Маалымат технологиялар дирекциясынын Өнүгүү башкармалыгынын “Интеграциондук иштеп чыгуулар” тобунун башчысы (Бишкек кеңсеси)

Билдирүүнүн номери: KGC-22-005 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • МТ Системасынын интеграциондук иштеп чыгуулар боюнча өнүктүрүү стратегияларын иштеп чыгуу жана макулдашуу;
  • Жаңы жана бар болгон МТ чечимдери үчүн программалык камсыздоонун интеграциясын өнүктүрүү максатында Компаниянын долбоорлоруна катышуу;
  • Интеграциондук иштеп чыгуу боюнча стандарттар менен эрежелерди макулдашуу жана иштеп чыгуу;
  • Колдонмо программалык камсыздоосунун жана өзгөрүүлөрдүн интеграциондук бөлүктөрү боюнча МТ стандарттарына, маалыматтык коопсуздук стандарттарына дал келүүсүн текшерүү;
  • МТ Системасынын компоненттерин оптималдаштыруу боюнча интеграциондук бөлүктөрү тууралуу сунуштарын иштеп чыгуу;
  • Компаниянын колдонмо программалык камсыздоосунда иштеп чыгуулар, тестирлөө, каталарды оңдоо боюнча ички жана тышкы МТ аудитинин эрежелерин жана саясаттарын аткаруусун камсыздоо;
  • Жалпы топтун ишин жетектөө;
  • КГКнын бизнесс-процесстеринин функцияларына программалык камсыздоонун шайкештик даражасын талдоо.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Билими: Маалымат технологиялар/программалык камсыздоону долбоорлоо жана иштеп чыгуу/колдонмо математика жана информатика жаатында жогорку техникалык билим;
  • Иш тажрыйбасы:

– маалымат системалары чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес (тоо-кен компанияларында иш тажрыйба артыкчылык болуп саналат);

– колдонмо программалык камсыздоону долборлоо жана иштеп чыгуу тармагында 3 жылдан кем эмес ( МТ Системасынын интеграция долбоорлорунда тажрыйба артыкчылыкка ээ);

– МТ долбоорлорунда жана тапшырмаларында Башкы иштеп чыгуучу кызматында – 3 жылдан кем эмес;

–   реляциондук СУБД, маалыматты транзакциондук иштеп чыгууну билүү;

–   маалыматтык технологиялар,  программалык камсыздоону иштеп чыгуунун жана долбоорлорду башкаруунун жетилгендик деңгээли боюнча алдыңкы тажрыйбаларды, (COBIT, ITIL, CMMI, AGILE, PMBOK) стандарттарын бирин колдонуу;

– API, Cloud and Native сервистерин колдонуу менен микросервистик архитектураны программалоо;

–   булуттук технологиялар (IaaS, PaaS, SaaS) менен иштөө;

  • Атайын көндүмдөрү жана билими:

– программалоо тилдеринин (C#, Delphi, Java, VB) биринде объектиге ылайык программалоо;

– МТ Системаларын интеграциялоо (онлайн, оффлайн, автоматтык, жарым автоматтык режимде);

– маалыматты берүү протоколдорун колдонуу (XML, JSON артыкчылыкка ээ);

– стандарттар, процесстер, иштеп чыгуу, тестирлөө инструменттери, процесстердин метрикаларын жана коддун сапатын аныктоо (CI /CD, DevOps техникалык практикалар, Open Stack), пландалган көрсөткүчтөрүнө жетишүү жана көзөмөлдөө;

– SOA (Service – Oriented Architecture) менен иштөө;

– Java (Spring Boot), Golang тилдери жана JavaScript (React, Node.js), ANSI SQL, MS SQL фреймворктору;

– бизнес-системалардын иши (Финансы, Сатып алуулар, Кампа, Техтейлөө, Өндүрүш), тоо-кен ишмердиги, металлургия – артыкчылыкка ээ;

– жогорку коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуу.

  • Тилдерди билүү:

– орус тилин – эркин билүү;

– кыргыз тилин билүү – кубатталат;

– англис тилин орто деңгээлден жогору (Upper Intermediate) же алдыңкы (Advanced) деңгээлде билүү.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 27-январь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-005.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.

Предыдущая публикацияӨНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН "BACK END ИШТЕП ЧЫГУУ" ТОБУНУН БАШЧЫСЫ МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ДИРЕКЦИЯСЫ Следующая публикацияМААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ДИРЕКЦИЯСЫНЫН ӨНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН "FRONT END ИШТЕП ЧЫГУУ" ТОБУНУН БАШЧЫСЫ
© 2011-2022 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.