ЭМУЛЬСИЯ ЦЕХИНИН ЖЕТЕКЧИСИ

ЭМУЛЬСИЯ ЦЕХИНИН ЖЕТЕКЧИСИ

Жарыяланган: 17 November 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Эмульсия цехинин жетекчиси

Билдирүүнүн номери: KGC-21-0222 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Эмульсиянын эритмесин даярдоо боюнча технологиялык процессин уюштуруу, жетектөө, контролдоо;
  • Цехтин жабдууларын жана агрегаттарын, жана эмульсиондук заряддоо машиналардын үзгүлтүксүз жана натыйжалуу иштөөсүн камсыздоо;
  • Эмульсиялык матрицаны өндүрүү үчүн модулдук түзүлүштөрдү орнотуу жана колдонуу принциптерин билүү;
  • Өндүрүштүк жана технологиялык дисциплинаны көзөмөлдөө, пландык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын көзөмөлдөө. Цехтин жабдууларынын өндүрүмдүүлүк параметрлерин жана чыгарылган продукциянын сапатын камсыздоо;
  • Чийки заттарга жана материалдарга билдирмелерди зарыл болгон муктаждыктардын негизинде түзүү.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Тоо-кен-техникалык (тоо-кен инженери) же химиялык технология жаатындагы жогорку билим;
  • Жардыруу иши, өнөр жай коопсуздугу жана эмгекти коргоо жаатындагы мыйзамдарды жана КР ченемдик актыларын билүү;
  • Компрессордук орнотмолорду оңдоо боюнча слесарь, ЖЗ даярдоо пунктун тейлөө боюнча жумушчу, буу жана суу жылытуу казандарын оңдоо боюнча слесарь, жүк ташуу машиналарды жана жүк жүктөө-ташуу жабдууларды оңдоо жана тейлөө боюнча слесарь, басым астында иштеген идиштерди жана оңдоо боюнча слесарь, электр жабдууларын башкаруу панелдерин оперативдүү тейлөө жана которуу боюнча слесарь, КИПиА слесардын квалификациясы жөнүндө күбөлүк;
  • Тоо-кен ишканасында 5 жылдан кем эмес, ошондой эле жардыруу иши жаатында иш тажрыйбасы;
  • Англис жана түрк тилдерин билүү;
  • Microsoft Office программаларынын пакетин жана компьютерди жакшы колдоно билүү (Power Point, Excel, Word);
  • Айдоочунун күбөлүгү B;
  • “Жардыруучунун бирдиктүү китепчесинин” же жардыруучунун күбөлүгүнүн болушу;
  • Административдик иштин көндүмдөрү жана тажрыйбасы.

Анкета жана резюмени 2021-жыл 01 декабрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0222

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.