КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ

КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ

Жарыяланган: 27 December 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Колдоо көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы, Маалымат технологиялар дирекциясы (Бишкек кеңсеси)

Билдирүүнүн номери: KGC-21-0357

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • Компаниянын МT стратегиясын иштеп чыгууга, макулдашууга катышуу;
  • МT процесстериндеги өзгөрүүлөрдү макулдашуу, аларды автоматташтыруу жана актуалдаштыруу;
  • Жетилгендикти өз алдынча баалоо, МT процесстериндеги өзгөрүүлөрдү контролдоо, анын ичинде Маалыматтарды иштетүү борборлорунун жайгаштыруу схемалары жана инженердик схемалары боюнча документациялар да бар;
  • МT процесстери боюнча тышкы жана ички МT аудитинин сунуштарын ишке ашыруу;
  • Салыштырмалуу анализ, ITSM, IT Asset Management, CMDB тандоо боюнча пилотторго катышуу;
  • Мт процесстериндеги өзгөрүүлөрдү контролдоо жана башкаруу багытында МТ-долбоорлорунун жетекчилери, иштеп чыгуучулары, тапшырык ээлери менен өз ара аракеттешүү.;
  • Компаниянын бөлүмдөрү менен аракеттешүүнү уюштуруу.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Маалымат технологиялар/ программалык камсыздоону иштеп чыгуу жаатында жогорку техникалык билим;
  • Иш тажрыйбасы:

– маалыматтык системалар/ Service Desk/ программалык камсыздоону тейлөө боюнча

5 жылдан кем эмес;

– маалыматтык технологиялар/ Service Desk/программалык камсыздоону тейлөө чөйрөсүндө жетекчилик кызматтарда 3 жылдан кем эмес;

– ITSM, IT Asset Management, CMDB системалары менен 3 жылдан кем эмес;

– 3 кем эмес бизнес – домендерде/ capabilities (финансы, МТ, логистика, тоо-кен тармагы артыкчылыкка ээ, металлургия);

  • Атайын көндүмдөрү жана билими:

– эң мыкты маалымат технологиялар практикаларын колдонуу (COBIT, ITIL);

– ITIL Expert сертификатынын болуусу артыкчылык болуп эсептелет;

– ITSM конфигурациялоо (өзгөчө, өзгөрүүлөрдү, инциденттерди, көйгөйлөрдү башкаруу жаатында), IT Asset Management, CMDB;

– мыкты баарлашуу көндүмдөрү;

– маалымат базаларын жана реляциондук байланыштарды башкаруу системаларынын түзүлүшү тууралуу жалпы  принциптерин билүү.

  • Тилдерди билүү:

– орус тилин – эркин билүү;

– кыргыз тилин – кубатталат;

– англис тилин орточодон жогору (Upper Intermediate) же алдыңкы (Advanced) деңгээлде билүү.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 10-январь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0357.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.