ИЗИЛДӨӨЛӨР ЖАНА ИННОВАЦИЯЛЫК ИШТЕП ЧЫГУУЛАР БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ (Бишкек кеңсеси)

ИЗИЛДӨӨЛӨР ЖАНА ИННОВАЦИЯЛЫК ИШТЕП ЧЫГУУЛАР БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ (Бишкек кеңсеси)

Жарыяланган: 10 December 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Изилдөөлөр жана инновациялык иштеп чыгуулар башкармалыгынын жетекчиси, Маалымат технологиялар дирекциясы (Бишкек кеңсеси)

Билдирүүнүн номери: KGC-21-0327

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • Компаниянын МТ стратегияларын иштеп чыгууга, тагыраак айтканда инновациялык технологияларын өнүктүрүү жол картасын түзүүгө катышуу;
  • Бизнес-процесстерди, технологиялык процесстерди, жабдууларды, датчиктерди, авто, продуктыларды жана кызматтарды, маалымат системаларын, технологияларды жана Компаниядагы маселелерди изилдөө;
  • “Тоо-кен тармагындагы алдыңкы технологиялык компанияларда” жана башка тармактарда колдонулган маалымат системалар, инновациялар жана технологиялар чөйрөсүндөгү “мыкты практикаларды” анализдөө;
  • Бизнес-кейс жаратуу үчүн прототипирование аркылуу аларды мыктылоо максатында бизнес-процесстердин, технологиялык процесстердин, маалымат системасынын архитектурасынын, технологиялардын маселелери менен муктаждыктарын анализдөө;
  • Компаниянын бөлүмдөрү үчүн булактардан маалымат чогултуу, маалыматты киргизүү жана ачыктоо, маалымат витринасын жана аналитиканы калыптандыруу максатында корпоративдик аналитикалык платформа түзүү;
  • Компаниянын бөлүмдөрүнүн муктаждыктары үчүн машина менен окутуу алгоритмдерин колдонуу аркылуу маалыматты түзүү жана моделдөө;
  • Маалымат архитектурасын башкаруу процесстеринин жетилгендиктигинин өзүнө өзү баа берүү;
  • МТ архитектурасын (колдонмо программдык камсыздоо / маалыматтар / технологиялар / МТ стандарттар) башкаруу процесстери тууралуу тышкы жана ички МТ аудитинин сунуштарын аткаруу;
  • Жетекчинин тапшырмасы боюнча Компаниянын эң маанилүү маалымат системаларын, технологияларын тандоо жана салыштырмалуу анализи;
  • Маалымат системаларды тандоо боюнча пилотторду өткөрүү;
  • Архитектуралык чечимдерди контролдоо жана өнүктүрүү багыты боюнча МТ-долбоорлорунун жетекчилери, иштеп чыгуучулар, тапшырык ээлери менен өз ара аракеттешүү;
  • Компаниянын бөлүмдөрү менен аракеттешүүнү уюштуруу.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Маалымат технологиялар/колдонмо математика жана информатика жаатында жогорку техникалык билим;
  • Иш тажрыйбасы:

– маалымат сактагычтарын, маалымат алмашуу сервистерин, машина менен окутуу алгоритмдерин колдонуу аркылуу моделдерди түзүү сервистерин жаратуу жаатында 5 жылдан кем эмес тажрыйба (тоо-кен компанияларында иш тажрыйба артыкчылыкка ээ);

– маалымат технологиялар чөйрөсүндө жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес тажрыйба;

–  маалымат технологияларын (программдык камсыздоо, инфраструктурасын) долборлоо боюнча 3 жылдан кем эмес тажрыйба;

– Топтун жетекчиси/ МТ долбоорлорунун жетекчиси/Чечимдер архитектору / Башкы иштеп чыгуучу катары МТ долбоорлорун/ маселелерин башкаруу боюнча  3 жылдан кем эмес тажрыйба;

– CASE инструменттерин колдонуу аркылуу маалымат архитектураларын моделдөө тажрыйбасы (Data Governance);

  • – архитектуралык принциптерди, архитектуралык стандарттарды жана үлгүлөрдү, архитектуралык көрүнүштөрдү, архитектуралык моделдерди жана процесстерди мыкты практикаларга, референстик архитектуралык жана тармактын стандарттарга  (TOGAF, PEAF, ZACHMAN) ылайык иштеп чыгуу тажрыйбасы;
  • долбоорлорду, программаларды жана МТ долбоорлорунун портфелдерин мыкты практикаларга (ANSI PMI) ылайык башкаруу тажрыйбасы;
  • маалыматты, ОС, МББС, колдонмолорду миграция кылуу боюнча тажрыйба;
  • булуттук технологиялар (IaaS, PaaS, SaaS) менен иштөө тажрыйбасы;
  • Атайын көндүмдөрү жана билими:
  • маалымат технологиялар жана долбоорлорду башкаруу боюнча мыкты практикалар (DMBOK, AGILE, PMBOK);
  • маалымат базаларын жана реляциондук байланыштарды башкаруу системаларынын түзүлүшү тууралуу жалпы принциптерин билүү;
  • ANSI SQL, PL/ SQL программалоо тилдери;
  • мыкты баарлашуу көндүмдөрү;
  • маалымат базаларын жана реляциондук байланыштарды башкаруу системаларынын түзүлүшү тууралуу жалпы принциптерин билүү;

– 3 кем эмес бизнес – домендерде көндүмдөрү (финансы, МТ, логистика, тоо-кен тармагы артыкчылыкка ээ, металлургия);

  • Тилдерди билүү:

– орус тилин – эркин билүү;

– кыргыз тили – кубатталат;

– англис тилин орточодон жогору  (Upper Intermediate) же алдыңкы (Advanced) деңгээлде билүү.

ЖУМУШ ШАРТТАРЫ:

  • Кызмат орду: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык расмий ишке орноштуруу;

Анкета жана резюмени 2021-жыл 24-декабрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0327.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.