“Кумтөр” Ысык-Көл облусунда өспүрүмдөр арасындагы мектеп рэкетин, эрте никелешүүнү жана суицидди алдын алууга багытталган долбоорду колдоду

“Кумтөр” Ысык-Көл облусунда өспүрүмдөр арасындагы мектеп рэкетин, эрте никелешүүнү жана суицидди алдын алууга багытталган долбоорду колдоду

Жарыяланган: 18 May 2022

Ысык-Көл облусунда өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун, укук бузуулардын жана суициддин алдын алууга багытталган “Бактылуу балалык – коопсуз балалык” аттуу долбоор башталды. Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын  демилгеси, «Инсан Мууну» коомдук фондунун катышуусунда ишке ашырылууда.

Зордук-зомбулук балдарга жана өспүрүмдөргө физикалык жана эмоционалдык жактан кыйратуучу таасирин тийгизет. Өткөн жылы жана үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, мектептердеги рэкет жана жаш кезинде мажбурлап никеге тургуузуу жаңы формаларга өтүп баратканын көрсөттү.

Өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын, эрте никелешүүнүн жана суициддин алдын алуу максатында Ысык-Көл облусунун бардык 3 шаарында жана 5 районунда  орто билим берүү мектептердин жогорку класстарынын окуучулары үчүн “Мектеп рэкети”, “Зордук-зомбулук”, “Никеге эрте туруу” жана “Балдар арасындагы келишпестиктер” деген темалар менен 42 көчмө форум-театрлар өткөрүлөт. Мындай иш-чаралардын өтүшү терс көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн натыйжалуу экендиги далилденди. Ошондой эле жер-жерлерде социалдык кызматкерлер, мугалимдер жана өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспекторлор үчүн 7 окутуу семинары жана 14 мастер-класс өткөрүлөт.

Долбоордун алгачкы кадамы катары К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында опузалоо жана коркутуу, ошондой эле жашы жете электердин арасында эрте никеге турууга мажбурлоо баланын жашоосун бузушу мүмкүн деген спектакль өткөрүлдү. Зордук-зомбулуктун алдын алуунун, ошондой эле кризистик кырдаалга кабылган балага чоңдор жана достору тарабынан өз убагында жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери сахналаштырып беришти. Театралдаштырылган спектакль өспүрүмдөрдүн жүрөгүн козгоп, спектакль аяктагандан кийин аталган көйгөйлөр жөнүндө алар ачык жана эркин диалог форматында өз пикирлерин билдиришти.

Форум-театрларынын иши 25-майга чейин уланып, буга облус боюнча 18 миңден ашык мектеп окуучулары тартылат. Милиция бул жаңы ыкмалар оң натыйжаларды берип, балдар жана өспүрүмдөр арасындагы зомбулук фактыларынын статистикасын төмөндөтүүгө таасирин тийгизет дейт.