«Кумтɵр» компаниясы аутизми менен балдардын ата-энелеринин «Колдо кол» коомдук бирикмесине жардам берди

«Кумтɵр» компаниясы аутизми менен балдардын ата-энелеринин «Колдо кол» коомдук бирикмесине жардам берди

Жарыяланган: 02 November 2018

2018-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу Бизнести ɵнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин Катчылыгы жана Кыргыз Республикасындагы Америкалык соода палатасы уюштурган «Аутизмге кɵзүңдү ач» аттуу футбол боюнча кайрымдуулук турнири болду. Иш чаранын максаты аутизми менен балдардын ата-энелеринин «Колдо кол» коомдук бирикмесинин фонду үчүн каражаттарды жыйноо болгон. «Кумтɵр Голд Компанинин» ɵкүлдɵрүнүн командасы турнирге катышты жана ɵз салымын кошту.

Командалардын курамында запастагы оюнчуларды кошкондо минимум 5 адам болууга тийиш эле. Кесипкɵй оюнчулар (1- жана 2-футболдук лигадагы мелдештердин катышуучулары) оюнга киргизилген жок. Бардык оюнчулар 30 жаштан жогору болууга тийиш эле, бирок бир командада 30 жаштан тɵмɵн 2 оюнчу оюнга киргизилген.
Жалпысынан мелдештерге ар кайсы компаниялардан – Кыргыз Республикасындагы Америкалык соода палатасынын мүчɵлɵрүнɵн 15 команда катышты. «Азия банкынын» оюнчулары жеңүүчү болуп калышты. Экинчи жана үчүнчү орундарды «Интегра» жана «Bear Beer» компанияларынын оюнчулары ээлешти. Мелдештин жыйынтыгы менен кайрымдуулук фондуна 80 миң сом берилди.

Белгилей кетсек, мурдараак аутизми менен балдардын ата-энелеринин «Колдо кол» коомдук бирикмесинин ɵтүнүчү боюнча «Кумтɵр» компаниясы балдар алектениши жана ɵз кɵндүмдɵрүн ɵстүрүшү үчүн коомдук уюмдун балансына беш айпад берген.

27 октября 2018 года состоялся благотворительный турнир по футболу «Открой глаза на аутизм», организованный Секретариатом Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве Кыргызской Республики и Американской торговой палатой в Кыргызской Республике. Целью мероприятия был сбор средств для фонда Общественного объединения родителей детей с аутизмом «Рука в руке». Команда представителей «Кумтор Голд Компани» приняла участие в турнире и внесла свой вклад.

В составе команд должно было быть минимум 5 человек, включая запасных игроков. Профессиональные игроки (участники соревнований в 1-ой и 2-й футбольных лигах) не допускались к игре. Все игроки должны были быть старше 30 лет, но в одной команде допускались к игре 2 игрока младше 30 лет.
Всего в соревнованиях приняло участие порядка 15 команд из разных компаний – членов Американской торговой палаты в Кыргызской Республике. Победителями стали игроки из «Банка Азии». Второе и третье место разделили сотрудники компании «Интегра» и «Bear Beer». По итогам соревнований в благотворительный фонд было передано 80 тысяч сомов.

Отметим, что ранее, по запросу Объединения родителей детей с аутизмом «Рука в руке», компания «Кумтор» передала пять айпадов на баланс общественной организации, чтобы дети могли заниматься и развивать свои навыки.