Саруу айылынын мектебинде “Кумтөрдүн” каражаттарынын эсебинен ремонттолгон спорт залы ачылды

Саруу айылынын мектебинде “Кумтөрдүн” каражаттарынын эсебинен ремонттолгон спорт залы ачылды

Жарыяланган: 03 March 2014

saruu_sport_hall_12014-жылдын 28-февралында Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы Садык Сыдыков атындагы орто мектепте ремонттолгон спорт залынын салтанаттуу ачылышы болду. Балдар менен кошо окуяга айылдын жүздөгөн жашоочулары, жергиликтүү бийликтегилер, “Кумтөр” компаниясынын өкүлдөрү да кубанышты.

Жети-Өгүз райондук администрациясынын башчысы Калысбек Жудеев өз сөзүндө имаратта ремонт эӊ сонун жасалганын белгилеп, мындай жардам үчүн канадалык компанияга ыраазычылык билдирди жана жаӊы спорт залда машыгуу болочок олимиадалык чемпиондордун карьерасынын башаты болуп кала тургандыгына үмүттөнүү менен мектеп окуучуларын, педагогдорду жана айыл жашоочуларын чын жүрөктөн куттуктады. saruu_sport_hall_2

Спорт залынын ачылышынын урматына Жети-Өгүз районунун мугалимдери арасында “Ынтымак” деген аталышта волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Андан тышкары, жаш спортчу кыздар иш чаранын катышуучуларына бий-гимнастикалык номерлерди тартуулашты.

Спортзал толук бойдон “Кумтөр” компаниясынын каражаттарынын эсебинен ремонттолгон. Долбоор 3 миллион сомго турду. Жергиликтүү подряддык уюм – “Саруу курулуш” ЖЧКсы спортзалдын ремонтуна өткөн жылдын июлунун ортосунда киришкен жана иштерди 2014-жылдын февралында аяктаган. Миӊге жакын окуучу окуган мектептин спорт залында ремонт мектеп курулган 1978-жылдан бери жасалбагандыгын белгилеп коюуга болот. saruu_sport_hall_3Бүгүн калыбына келтирилген спорт залда дубалы жана шыбы ремонттолгон, жаӊы жыгач пол салынган, заманбап жылытуу системасы орнотулган, эшик-терезелери, электр өткөргүчтөрү, жарыктандыруу системасы жана спорттук конструкциялары алмаштырылган, кийим которуучу жана машыктыруучулардын бөлмөсү жабдылган. Зал толук бойдон спорттук инвентарь менен жабдылган. Ал жерде дене тарбия сабактары өтүүдө жана мектеп окуучуларынын айтуусу боюнча, спорт залы аларга өтө жаккан.