Борбор Азиядагы Америка университетинен (БААУ) студенттердин тобу “Кумтɵр” кен ишканасында болушту

Борбор Азиядагы Америка университетинен (БААУ) студенттердин тобу “Кумтɵр” кен ишканасында болушту

Жарыяланган: 22 January 2015

Ɵткɵн дем алыш күндɵрү БААУнун студенттеринин тобу таанышуу сапарынын алкагында “Кумтɵр” кен ишканасында болушту. Бардык студенттер Американын Борбор Азия билим берүү фондунун стипендианттары болуп саналышат жана Экономика жана бизнести башкаруу факультетинде окушат.

Болочок башкаруучуларга жана экономисттерге Кыргыз Республикасынын экономикасына олуттуу салым кошуп жаткан ɵлкɵнүн территориясындагы эӊ ири алтын казып алуучу компаниянын иши жɵнүндɵ билүү ɵзгɵчɵ кызыктуу болду. Сапардын жүрүшүндɵ студенттер алтын казып алуу жана ɵндүрүү процесси менен таанышышты. Топ алтын ылгоочу фабриканын карьеринде, турак-жай лагеринде, ошондой эле Петров кɵлүндɵ болду. Компаниянын адистери ɵндүрүштүк процесс жɵнүндɵ жалпы маалымат беришти жана бардык кызыктырган суроолорго жооп беришти. Студенттер ишкананын территориясындагы жапайы жаныбарларды – түлкүлɵрдү жана аркарлардын турак-жай лагеринен алыс эмес жайгашкан үйүрүн да кɵрɵ алышты.

«БААУда семестр бою мен инвестициялык мыйзамдар боюнча курсту окуганмын, анда биз Кыргыз Республикасындагы эӊ ири инвестициялык долбоордун мисалы катарында “Кумтɵрдү” ɵтɵ кеӊири талкуулаганбыз. Кен ишканасына баруу менин академиялык турмушумдагы эӊ толкундатуучу жана пайдалуу сапар болуп калды. Мен ишкананын масштабдарына жана анын ишинин биздин ɵлкɵбүз үчүн натыйжаларына таӊ калдым. Бизде ɵндүрүш процессин ɵз кɵзүбүз менен кɵрүү мүмкүнчүлүгү болгонуна кубанычтамын», – деп белгиледи БААУнун студенти, Американын Борбор Азия билим берүү фондунун стипендианты Насиба Нурматова.