«Кумтөр» компаниясы Ысык-Көл областында күнөсканалардын курулушун каржылады

«Кумтөр» компаниясы Ысык-Көл областында күнөсканалардын курулушун каржылады

Жарыяланган: 04 March 2019

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (КГК) финансылык колдоосундагы «Карагат +» долборунун алкагында 2018-жылы курулган төрт жаңы күнөскана социалдык мекемелерди жаңы жашылча жана көк-сактар менен камсыздай башташты.

Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы Кытай жана Дархан айылдарындагы мектептердин окуучулары, Оргочор айылындагы бала бакчанын бөбөктөрү, ошондой эле Тоң районунун Туура-Суу айылындагы мектеп окуучулары эми окуу жайлардын жеринде  жайгашкан күнөсканалардан экологиялык таза жашылчалар менен көк-сактар менен тамактануу мүмкүндүгүнө ээ.

Күнөсканалардын аянттары 120 дан 140 чарчы метрге чейинди түзөт, бул сезондо 1000 кг чейин түшүм өстүрүүгө мүмкүндүк берет. Өстүрүлгөн жашылчалардын ашканын балдарды кошумча азыктандырууга жөнөтүшөт. 1000ден ашуун бала ар күнү күнөсканада өстүрүлгөн жашылча жана көк-сак менен азыктанышат. Өстүрүлүп жаткан жашылчалардан азырынча бадыраң жана көк-сак бар. Кийинчерээк помидор жана башка жашылчаларды отургузуу пландаштырылууда.

4 күнөскана куруунун жалпы бюджети 2 638 000 сомду түздү. Ар бир айылда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жашоочулар долбоорду кошумчакаржылап,  ар тараптуу колдоо көрсөтүштү. Күнөсканалар эң жогорку энергетикалык натыйжалуу кылган технологиялар боюнча курулган.

2013-жылдан бери программанын алкагында бүтүндөй Ысык-Көл областы боюнча социалдык мекемелерде 15 күнөскана курулган. Долбоордун алкагында “Жети-Өгүз Финанс”, “Балыкчы Финанс”, “Тон-Финанс” микрокредиттик агентткиктери жана Айыл Банк аркылуу жалпы суммасы 11 800 000 сомдук 14 күнөскананы каржылаган.

«Долбоорду ишке киргизүү алдында биз тандалып алынган мекемелердин окутуучуларын жана тарбиячыларын күнөскана чарбасын туура иштетүүгө окуттук. Тажрыйба алмашуу максатында долбоордун катышуучулары өлкөнүн алдыңкы күнөскана чарбаларында боло алышты. Келечекте күнөсканаларда өстүрүлгөн экологиялык таза жашылчалар бул мекемелердеги балдардын түрлөп тамактануусуна жардам бермекчи жана окуучулардын тамактарындагы витаминдердин жетишсиздиги проблемасын чече алмакчы», – деп белгиледи «АВЕП» коомдук фондусунун директору Нурлан Токонов.

Маалымат үчүн:

«Кумтөр» компаниясынын жана «АВЕП» коомдук фондусунун «Карагат+» биргелешкен долбоору жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө жана жашылча-жемиш продукциясынын рыногун кеңейтүүгө багытталган. Жүзөгө ашырылуу территориясы – түштүк жээгине басым жасалуу менен Ысык-Көл областы. 2013 – 2018-жж. «АВЕП» фондусунун адистери питомниктердин, күнөсканалардын жана айыл чарба продукцияларын кабыл алуу пункттарынын тармагын түзүүгө көмөк көрсөтүштү.