Жашыл демилгелер

Жашыл демилгелер

Жарыяланган: 09 April 2019

Кумтөрчүлөр жалпы республикалык ишембиликке катышышты жана Ысык-Көл областындагы «Мээрим Булагы» балдар үйүнүн короосунда жана Бишкек шаарынын Жунусалиев көчөсүндө көчөттөрдү отургузушту. Акциялар «Кумтөрдүн элчилери» корпоративдүү программасынын алкагында өттү.

Экология бөлүмүнүн кызматкерлери бак отургузуу демилгеси менен «Мээрим Булагы» балдар үйүнө барышты. Ал Ысык-Көл областынын Түп районундагы Ак-Булуң айылында жайгашкан. Улуу Ата Мекендик согуштун кыйын күндөрүндө анда блокададагы Ленинграддан 160 бала жашаган, ал убакта аларга жаш кыз Токтогон Алтыбасарова кам көргөн. «Мээрим Булагынын» директору Гүлнара Дегенбаеванын айтуусу боюнча, быйыл жайында Т.Алтыбасаровага арналып стела орнотулмакчы, а кумтөрчүлөр отургузган туянын 45 көчөтү аны курчап турмакчы. Үйдүн директору, 18 тарбиялануучунун «апасы» жашылдандырууга жардам бергени үчүн «Кумтөрдүн элчилерине» ыраазылык билдирсе, балдар алар алып барган таттуулар үчүн рахмат айтышты.

Бишкек шаарында Жунусалиев көчөсүнүн Гагарин жана Жаңы көчөлөрү арасындагы бөлүгүндө «Кумтөрдүн элчилери» эмендин 50 көчөтүн отургузушту, көчөттөр компаниянын кызматкерлери чогулткан каражатка сатып алынган. Кумтөрчүлөрдүн демилгесин «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы колдоого алып, көчөт отургузуу үчүн жер участогун бөлүп берди. Көчөттөрдү суугаруу жоопкерчилигин «Бишкекжашылчарбанын» Ленин райондук участогунун кызматкерлери алышты.