Кумтөр «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясын колдойт

Кумтөр «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясын колдойт

Жарыяланган: 12 April 2022

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (КГК) Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жарыялаган тоо экосистемаларын коргоо жана климатка туруктуулук жылынын алкагында «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясына активдүү катышууда. Бир нече жуманын ичинде «Кумтөрдүн» жумушчулары өлкөнүн билим берүү жана маданият мекемелеринин аймактарына 2 миңге жакын бак-дарактарды отургузушат.

Биз борбордон баштоону чечтик. Экология бөлүмүнүн жана КГКнын Бишкектеги кеңсесинин  кызматкерлери Мукаш Абдраев атындагы Республикалык орто атайын музыкалык мектеп-интернатынын жана Республикалык «Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясынын аймагын жашылдандырууга жардам беришти. Бак-дарактарды отургузуу үчүн жерлер «Зеленстрой» муниципалдык ишканасы менен макулдашылып, КГКнын экология бөлүмүнүн кызматкерлери көчөттөрдү тандап, аларды тигүү чуңкурларын даярдоого жардам берип, окуучуларга жаңы тигилген көчөттөрдү жерге тамыр алганга чейин кантип сугарып, багуу керектигин түшүндүрүштү.

Бак-дарак отургузуу акциясынын экинчи пункту Республикалык балдардын инженердик-техникалык академиясынын “Алтын түйүн” аймагы болду. Бул жерде Кумтөрдүн кызматкерлери 120 ийне жалбырактуу дарактарды жана миң даана тосмо көчөттөрдү отургузушту.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Беловодскидеги балдардын психоневрологиялык социалдык мекемесинде бак отургузуу үчүн «Кумтөр» компаниясы жемиш бактардын көчөттөрүн сатып алууга жардам берди. Ал жерде бак отургузууга КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев жана мекеменин кызматкерлери катышышты.