«Кумтөр Голд Компанинин» Стипендиялык Программасынын №27 Кесиптик Лицейдеги бүтүрүүчтүлөрү Тармактык Сертификаттарды Алышты

«Кумтөр Голд Компанинин» Стипендиялык Программасынын №27 Кесиптик Лицейдеги бүтүрүүчтүлөрү Тармактык Сертификаттарды Алышты

Жарыяланган: 12 July 2016

2016-ж. 8-июлунда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук драма театрынын чоң залында бүтүрүүчүлөргө, анын ичинде GIZтин «Кесиптик-техникалык билим берүү жана жумуштуулукка көмөктөшүү» программасынын алкагында №27 кесиптик лицейдин «Кумтөр Голд Компанинин» стипендиялык программасынын катышуучуларына да тармактык сертификаттарды салтанаттуу тапшыруу болуп өттү.
Программа Герман эл аралык кызматташуу коому (GIZ) тарабынан КРдын Соода-өнөр жай палатасы, Билим берүү жана илим министрлиги, Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги, компания GOPA компаниясы (Германия) менен бирдикте жана «Кумтөр Голд Компанинин» катышуусу менен өткөрүлүүдө. Кесипкөйлүк компетенциялардын көз карандысыз сертификациясы – бул тармактар жана иш берүүчүлөр тарабынан жетектелген көз карандысыз комиссия тарабынан билдирилген квалификациялык деңгээлдин алкагында иш жүзүндөгү билимдерди, көндүмдөрдү жана жөндөмдөрү тастыктоо процесси.

КГКнын аймактык стипендиялык программасынын бардык тогуз стипендиаты №27 кесиптик лицейде окутууну аяктагандан кийин көз карандысыз аттестациядан ийгиликтүү өтүп, анын сегизи «эң мыкты» баага тапшырышты. Сертификаттарды «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын персонал боюнча вице-президенти Деон Баденхорст салтанаттуу тапшырды. «Бул жаш адистердин квалификациясын тастыктоочу сертификаттар КМШ өлкөлөрү менен дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө да таанылат. Кесипкөйлүктүн айдыңын кеңейтип, болочок карьераны Кыргызстанда гана эмес, андан сырткары да түзүүдө сөзсүз мүмкүнчүлүк бермекчи», – деп баса белгиледи Д.Баденхост.

Тармактык сертификаттар иш берүүчүлөр арасында улам көбүрөөк таанылууда жана бүтүрүүчүлөргө ишке орношууда жакшы келечекти ачууда. Аккредиттөө жана Сертификаттоо боюнча долбоордун жетекчиси Юрген Вайс Кыргыз Республикасында жана анын чектеринен тышкары квалификациялуу иштөөчүлөрдү ыңгайлуу жана ишенимдүү издөө үчүн Соода-өнөр жай палатасынын базасында сертификатталган адистердин маалыматтарынын электрондук базасы түзүлгөнүн билдирди.

Discipline_Specific_Certificates2