“Кумтөр” компаниясы Жети-Өгүз районунун билим берүү уюмдарын бактерициддик лампалар менен камсыздады

“Кумтөр” компаниясы Жети-Өгүз районунун билим берүү уюмдарын бактерициддик лампалар менен камсыздады

Жарыяланган: 15 November 2021

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун 41 мектебине жана 19 бала бакчасына жардам көрсөтүп имараттын ичиндеги абаны тазалай турган бактерициддик лампаларды алып берди.

Коронавирус пандемиясы учурунда, жана ошондой эле КРВИ жана грипп мезгилинде билим берүү мекемелери балдарга коопсуз окуу режимин камсыздашы керек.  Маска менен антисептиктерден тышкары, вирустарды өлтүргөн жана бактерия менен көк датты жок кылган  атайын бактерициддик лампалар зарыл болгон.  Мындай шаймандарды билим берүү мекемелери өз алдынча сатып ала алышпайт болчу, андыктан Жети-Өгүз районунун жетекчилиги “Кумтөр” компаниясына жардам берүүсүн суранып кайрылышкан.

КГК бул кайрылууга макул болду жана  60 бактерициддик лампа сатып алды.  Бул кайрымдуулук жардам региондо COVID-19, КРВИ жана грипп менен каршы күрөшүүгө чоң салым болооруна компания ишенет.

Бул алеттер жылдырма алеттер, аларды бир класстан экинчи класска жылдырса болот. Мектептерде абаны тазалоо графиктери түзүлдү. Бул бактерициддик лампалардын дагы бир пайдалуу жагы: аларды адамдар бар жайларда да иштете берсе болот.