КУМТӨР КЕНИНИН ГЕОЛОГУ

КУМТӨР КЕНИНИН ГЕОЛОГУ

Жарыяланган: 03 December 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Кумтөр кенинин геологу

Билдирүүнүн номери: KGC-21-0286

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Уступ дубалынын структуралык жана геологиялык картага түшүрүү жана алынган натыйжаларды разрездерге, горизонталдык пландарга жана фактылардын карталарына түшүрүү;
  • Ар бир забой боюнча жана жалпы карьер боюнча негизги структураларды байкоо;
  • Кен жердин структуралык модели үчүн нагыз материалдардардын картасын, геологиялык жана структуралык карталарын түзүү;
  • Геологиялык жана структуралык разрездерди куруу;
  • Тийиштүү керектүү документтерди түзүү;
  • Маалыматтардын компьютердик талдоосун аткаруу;
  • Геологиялык бирдиктердин жана кыртыштардын көлөмдүү моделдерин түзүү;
  • Маалымат базаларынын бардык түрлөрүн жүргүзүү;
  • Атайын долбоорлорду аткаруу.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Тоо-кен иши жана геология тармагындагы жогорку билим;
  • Адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
  • Милдеттүү билимдер:

-Кыргыз Республикасынын жер казынасын геологиялык изилдөө, пайдалануу жана коргоо мыйзамдары жана башка ченемдик-укуктук актылары;

– тоо тектеринин курамы жана касиеттери;

– талаа материалдарын иштетүү тартиби жана методдору;

– колдонулган жабдуулардын, аппаратуралардын жана приборлордун техникалык эксплуатация эрежелери;

– тоо тектеринин үлгүлөрүн жана бардык проба түрлөрүн алуу, эсепке алуу жана сактоо эрежелери;

– геологиялык документтерди жана отчетторду тариздөө жана жүргүзүү эрежелери;

– техникалык эсептерди, графикалык жана эсептөө иштерин аткаруу методдору жана каражаттары;

– тоо тектеринин ар кандай түрлөрүнүн контурларын тактоо менен геологиялык пландарды жана разрездерди түзүү жана жаңылап туруу;

  • ПКда иштей билүү (Excel, Word, Power Point);
  • Коммуникативдүү, жоопкерчиликтүү, ак ниеттүү болуу, командада иштей билүү;
  • Бийик тоолуу шартта ишке жарамдуу болуу;

Анкета жана резюмени 2021-жыл 19-декабрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0286.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.