РЕСУРСТУК МОДЕЛДӨӨ БОЮНЧА ГЕОЛОГ (КУМТӨР КЕНИНДЕ)

РЕСУРСТУК МОДЕЛДӨӨ БОЮНЧА ГЕОЛОГ (КУМТӨР КЕНИНДЕ)

Жарыяланган: 27 August 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Ресурстук моделдөө боюнча геолог (Кумтөр кенинде)

Билдтрүүнүн номери: KGC-21-0138

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • Кенди компьютердик моделдөөнү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө электрондук геологиялык маалымат базасын жүргүзүүнү уюштуруу жана натыйжалардын кайталанышын камсыз кылуу;
  • Талаанын геостатикалык моделдөөнүн параметрлерин аныктоо боюнча иштердин зарыл комплексин ишке ашыруу, компьютердин моделин түзүү жана жаңы маалыматтар келип түшкөндө аны дайыма жаңыртуу;
  • Маркшейдердик кызматтын маалыматтарынын негизинде казылып алынуучу руданын сапатын ыкчам аныктоо;
  • Кенди баалоодо салттуу жана компьютердик усулдарын салыштыруусун жүргүзүү;
  • Статистикалык жана башка отчетторду, ошондой эле пайдалуу кендердин коруларынын кыймылына байланыштуу маалыматтарды өз убагында берүү;
  • Кен казуунун ишенимдүү пландалышын камсыз кылуу жана кендин компьютердик моделин колдонуу менен тоо-кен геологиялык чалгындоонун жылдык жана перспективдүү пландарын даярдоо үчүн кошумча катышуу.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Геология, пайдалуу кендерди чалгындоо жана казып алуу адистиги боюнча жогорку билим;
  • Тоо кен компанияларында иштөө тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес болуу керек;
  • Запастарды жана ресурстарды баалоо боюнча эл аралык стардарттарды жана КР запастар боюнча мамлекеттик коммиссиянын талаптарын билүү;
  • Gemcom, Datamine, Micromine программаларын, маалыматтар базасынын структурасын жана башкаларын билүү;
  • Айдоочунун күбөлүгү (В категориясы).

ЖУМУШ ШАРТТАРЫ:

  • ​​​​​​​Жумуш орду: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Кумтөр кени;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык расмий ишке орноштуруу;
  • Бийик тоолуу шарттарда вахталык негизде иштөө.

Анкетаны жана резюмени 2021-ж. 12 сентябрь саат 16.00 чейин HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек же Бишкек, Каракол, Балыкчы шаарларында КГКнын офистерине тапшыруу керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

ЭСКЕРТҮҮ!  БИЛДИРҮҮНҮН НОМЕРИ KGC-21-0138 КАТТАРДЫН ТЕМАСЫНДА КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.