Кумтөр балдар үчүн эл аралык шахмат турниринин генералдык демөөрчүсү болду

Кумтөр балдар үчүн эл аралык шахмат турниринин генералдык демөөрчүсү болду

Жарыяланган: 16 December 2021

“Кумтөр Голд Компани” “Ханышанын жүрүшү” аттуу балдар үчүн эл аралык шахмат мелдешинин генералдык демөөрчүсү болду. Бул мелдештин мындай аталышы бекеринен эмес – кыздардын жана аялдардын укуктарын коргоо маселесине коомчулуктун көңүлүн буруу.

Гендердик тең укуктуулуктун шахмат менен кандай байланышы бар экенин FIDEнин башкаруучу директору Дана Рейзниеце-Озола түшүндүрүп берди: “Мен өзүмдү мисал келтирейин. Шахматтан үйрөнгөн көндүмдөр, кийин мага эркектердин политика дүйнөсүндө жардам берди. Мен өзүмдүн өлкөмдө экономика министринин жана финансы министринин кызматын аркалагам”.

Эки күндүк турнирге өлкөбүздүн, жана ошондой эле Казахстан менен Өзбекстандан келген жаш оюнчулар катышты.  Мындан тышкары дүйнөнүн алдынкы гроссмейстерлери мелдештин катышуучуларына мастер-класстарды өткөрүштү.  Алардын да Кыргызстанга келишине Кумтөр демөөрчү болуп берди.

“Шахмат – бул коммерциялык эмес спорт оюндарынын түрү, андыктан Кумтөр сыяктуу ири компаниялардын колдоосу зор мааниге ээ”, – деп белгиледи Азиз Умарбеков, мелдештин башкы судьясы.

“Бүгүнкү күндө Кумтөр экономиканын эле флагманы эмес, ошондой эле социалдык жоопкерчиликтүү ишкана. Спорттун бул түрү балдарда уникалдуу шыктарды тарбиялайт, аналитикалык ой-жүгүртүү, туура чечимдерди кабыл алуу, чыдамкайлык жана сабырдуулук, жана менин оюмча дагы бир маанилүү сапат – бул күчтүү эрк. Өсүп келе жаткан муундун келечек үчүн мааниси канчалык чоӊ экенин билип, биз жаштарды окутууга инвестициялайбыз.  Балдарыбыз абдан таланттуу, алар келечекте өлкөбүзгө түрткү болуп беришет. Биздин, Кыргызстандын шахмат федерациясына колдоо көрсөтүү чечимибиздин негизги максаты ушул болчу”, деп билдирди КГКнын тышкы башкаруучусу Теӊгиз Бөлтүрүк.