Кумтөрдүн жумушчулары Турцияда өткөн 18-чи Эл аралык гастрономиялык фестивалда 8 медалга ээ болушту

Кумтөрдүн жумушчулары Турцияда өткөн 18-чи Эл аралык гастрономиялык фестивалда 8 медалга ээ болушту

Жарыяланган: 26 January 2022

Стамбул шаарында 18-чи Эл аралык гастрономиялык фестиваль өтүп, ага дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн ашпозчулар катышты.  Фестиваль Түрциянын Ашпозчулар жана ашпозчулар федерациясы  (Cooks and Chefs Federation of Turkey) тарабынан “World Association of Chefs Societies” менен биргеликте уюштурулган, гастрономия жана тамак жасоо дүйнөсүндө маанилүү иш-чара болуп эсептелет. Иш-чаранын алкагында кулинардык таймаштар өткөрүлүп, көптөгөн эл аралык сыйлыктардын жеңүүчүлөрү болгон жогорку класстагы ашпозчу-калыстар иштерди баалашты.

Кыргызстанды атынан аталган фестивалга өлкөбүздүн мыкты ашпозчулары катышышты, алар “Кумтөр” кенинин администрациясынын коомдук тамак-ашты уюштуруу бөлүмүндө иштешет – башкы ашпозчу, эки су-шеф жана ысык цехтин ашпозчусу. Кумтөрчүлөрдүн капитаны Мелис Стамов командасын фестивалга мыкты даярдады: меню, тамак берүүнүн варианттары талкууланып, бардык нюанстар жана ийне-жибине чейин эске алынды, анткени кулинарияда эсепке албай көңүл бурбай кое турган майда-чүйдө нерсе болбойт.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын ашпозчулары өздөрүн татыктуу деңгээлде көрсөтүп, 8 медалга ээ болушту:

  • Берик Эгинбаев, су-шеф – “Балык тамак” номинациясында алтын, “Тамактын заманбап тартылышы” номинациясында күмүш, “Паста” номинациясында коло медаль. Белгилей кетчү нерсе, Берек Эгинбаев Кыргыз Республикасынын ашпозчулар ассоциациясын жетектейт;
  • Александр Ипатов, су-шеф – “Тамактын заманбап тартылышы” номинациясында алтын, “Балык” жана “Эт” номинацияларында 2 күмүш;
  • Азамат Мусаев, ашпозчу – “Тамактын заманбап тартылышы” жана “Балык тамак” номинацияларында 2 алтын.

Жалпысынан Кыргызстандын командасы 18 медалга, анын ичинде 10 алтын, 5 күмүш жана 3 коло медалга ээ болушту.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын ашпозчулары алган сыйлуу орундар алардын кенде күнүмдүк эмгек милдеттерин аткаруудагы жогорку деңгээлдеги даярдыктарынын жана жөндөмдүүлүктөрүнүн далили болуп саналат. Эл аралык фестивалга катышуу КГКнын ашпозчуларынын профессионализм менен мотивация деңгээлин жогорулатты, ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдүн катышуучулары менен ар кандай тамактарды даярдоодо тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берди.