Жети-Өгүз районундагы айылдарда мини-футбол талаалары ачылды.

Жети-Өгүз районундагы айылдарда мини-футбол талаалары ачылды.

Жарыяланган: 20 September 2018

15-16-сентябрда Ысык-Көл облусунун Саруу жана Тосор айылдарында “Кумтөр Голд Компани ” ЖАКнын (КГК) каржылык колдоосу менен мини-футболдук талааларынын салтанаттуу ачылыштары болду.

Компания кызматкерлери Саруу айылында талаа курууга демилгечи болуп, долбоорду ишке ашырууга 570 000 сом чогултушкан. КГК болсо Саруу айылында курулушка 1 млн 499 сом бөлүп берди. Ысык-Көл облусун Өнүктүрүү Фонду жасалма газон сатып алууга 800 миң сом каржы чыгарды. Салтанаттын жүрүшүндө райондун жаштар уюмдары жолдоштук беттеш өткөрүштү, компаниянын өкүлдөрү болсо, катышуучуларга кийинки оюндарга топтордун жыйнагын тапшырды.

Тосор айылында мини-футболдук талаанын курулушун жүзөгө ашыруу КГКнын 2 млн 111 миң сом көлөмдөгү салымы, Ысык-Көл облусун Өнүктүрүү Фондунан жер төшөө үчүн 800 миң сом каражаттын, жана ошондой эле “Тосор Коому” Коомдук Бирикмесинин жуунучу жана кийим которуучу кабиналарды курууга багытталган 150 миң сом көлөмдөгү кошумчасынын, жакын жайгашкан аймактарды жашылдандыруу айыл башкармалыгы кошкон 100 миң сом көлөмдөгү салымы менен мүмкүн болду.

“Бүгүн бардык жашоочулардын маанайлары көтөрүңкү, талааны куруу идеясы эки жыл мурда жаралган, толугу менен бүгүн аяктап олтурат. Белгилей кетчү нерсе, долбоорду ишке ашырууда Саруу айылындагы компаниянын кызматкерлери, “Кумтөр” ишканасы менен Ысык-Көл облусунун Өнүктүрүү Фонду, жана ошондой эле жергиликтүү бийлик өз салымдарын кошушту. Компания өзүнүн операциялык ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан аймактардагы жаштар демилгесин өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды ар дайым колдоп турат”,- деп белгиледи КГКнын генералдык менеджери, Болотбек Идирисов.
2013-жылдан тарта, жергиликтүү бийлик менен жаштар уюмдарынын суроо-талаптарына такай көңүл буруу менен, компания Жети-Өгүз жана Тосор райондорунун мини-футбол талааларын куруу боюнча милдетин жыл сайын өз мойнуна алат. 2013-жылы Балыкчы шаарында биринчи талаа курулган. 2013-жылдан 2018-жылдын сентябрь айына чейин жети футболдук талаанын курулушун жартылай, же толугу менен каржылады. Спортчулар Балыкчы шаарында, Жети-Өгүз районунун Оргочор, Тилекмат, Тосор, Саруу айылдарында, жана ошондой эле Тоң районунун Төрт-Күл менен Кажы-Сайда машыгууга шарты бар. Бардыгы болуп, Ысык-Көл облусунда мини-футбол талааларды курууга компаниядан 17 млн сом бөлүнгөн.