МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР БӨЛҮМҮНҮН FRONTEND-ИШТЕП ЧЫГУУЧУСУ (БИШКЕК КЕҢСЕСИ)

МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР БӨЛҮМҮНҮН FRONTEND-ИШТЕП ЧЫГУУЧУСУ (БИШКЕК КЕҢСЕСИ)

Жарыяланган: 07 December 2022

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн Frontend-иштеп чыгуучусу (Бишкек кеңсеси)Билдирүүнүн номери: KGC-22-280

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • МТ стратегияларына жана саясаттарына ылайык жаңы технологияларды колдонуу менен Frontend иштеп чыгууларын аткаруу;
  • Веб-сайттарды, веб-тиркемелерди жана кызматтарды долбоорлоого катышуу (продукциянын архитектурасын жана алгоритмдерин иштеп чыгуу, тең салмактуу чечимдерди издөө жана аларды натыйжалуу ишке ашыруу);
  • Сайттардын, шаблондордун, электрондук дареккке жиберүүлөрдүн, дизайн макеттердин негизинде интерактивдүү элементтердин адаптивдик жана кросс-браузердик версткасы;
  • Функционалды жасоо(баскычтар, слайдерлер, формалар, галереялар жана башка элементтер) жана скрипттерди жазуу. Сайттын барактарынын визуализациясын жана анимациясын камсыз кылуучу скрипттердин колдонуучу интерфейсине байланыштыруу;
  • Колдонуудагы коддун функционалдуулугун оптималдаштыруу жана кеңейтүү;
  • Колдонуучу интерфейсин долбоорлоо жана интерфейсти башынан иштеп чыгуу;
  • Колдонуучу интерфейсинин талап кылынган деңгээлин (User Interface) жана өз ара аракеттенүү тажрыйбасын (User Experience) камсыз кылуу;
  • Функционалды текшерүү жана тестирлөө (өзүңүздүкүн гана эмес);
  • Отладка, модульдук жана интеграциялык тесттерди жазуу.
  • Рефакторинг (кодду жакшыртуу жана оптималдаштыруу) жана сайттарды/колдонмолорду тездетүү;
  • Backend-иштеп чыгуучулар менен активдүү өз ара аракеттенүү.
  • Программалык камсыздоонун Frontend бөлүгү боюнча өзгөрүүлөрдү Компаниянын МТ Дирекциясынын өзгөрүүлөр боюнча саясаттарына жана процедураларына (сhange management) дал келүүсүн көзөмөлдөө, анын ичинде иш жүзүнө ашырылган код менен технологияларды сыпаттоо боюнча документациясы да бар.

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:

  • Билими: Маалымат технологиялар/программалык камсыздоону долбоорлоо жана иштеп чыгуу/колдонмо математика жана информатика жаатында жогорку техникалык билим;
  • Иш тажрыйбасы:

– маалымат системалары чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес (тоо-кен компанияларында иш тажрыйба артыкчылык болуп саналат);

– колдонмо программалык камсыздоосун долбоорлоо жана иштеп чыгуу боюнча 3 жылдан кем эмес;

– МТ долбоорлорунда жана тапшырмаларында Башкы иштеп чыгуучу кызматында – 3 жылдан кем эмес;

– реляциондук МБ, маалыматты транзакциондук иштеп чыгууну билүү;

– API, Cloud and Native сервистерин колдонуу менен микросервистик архитектураны программалоо;

– маалыматты, ОС, СУБД, колдонмолорду миграциялоо боюнча тажрыйба;

– булуттук технологиялар (IaaS, PaaS, SaaS) менен иштөө тажрыйбасы;

– бизнес-системалардын иши (Финансы, Сатып алуулар, Кампа, Техтейлөө, Өндүрүш), тоо-кен ишмердиги, металлургия – артыкчылыкка ээ;

  • Атайын көндүмдөрү жана билими:

– программалоо тилдеринин (C#, Delphi, Java, VB) биринде объектиге ылайык программалоо;

– маалыматтык технологиялар,  программалык камсыздоону иштеп чыгуунун жана долбоорлорду башкаруунун жетилгендик деңгээли боюнча алдыңкы тажрыйбаларды, (COBIT, ITIL, CMMI, AGILE, PMBOK) стандарттарын бирин колдонууда;

– стандарттар, процесстер, иштеп чыгуу, тестирлөө инструменттери, процесстердин метрикаларын жана коддун сапатын аныктоо (CI /CD, DevOps техникалык практикалар, Open Stack), пландалган көрсөткүчтөрүнө жетишүү жана көзөмөлдөө;

– SOA (Service – Oriented Architecture) менен иштөө;

– Java (Spring Boot), JavaScript, HTML5, CSS3, Golang, ANSI SQL, PL/SQL тилдерин билүү;

– JavaScript (JS) фреймвокторун билүү (Angular2/ReactJS/jQuery/Node.js);

– JS кодун отладка жасоону билүү;

– версияларды башкаруу системалары менен иштөө жөндөмдүүлүгү (Git ж.б.);

– Долбоор түзүү куралдарын (WebPack, Grunt же Gulp) колдонууну билүү;

– веб-баракчаларды жүктөөнү оптималдаштыруу көндүмдөргө ээ болуу, reflow и repaint менен көйгөйлөрдү чечүү;

– долбоорлоо принциптерин түшүнүү;

-жогорку коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуу.

Тилдерди билүү:

  • орус тилин – эркин билүү;
  • кыргыз тилин билүү – кубатталат;
  • англис тилин орто (Upper Intermediate) же жогорку (Advanced) деңгээлде билүү.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 20-декабрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf) менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-280.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.