«Карагат фест» мɵмɵ-жемиштердин тɵртүнчү ар жылдык фестивалы Ысык-Кɵл облусунун Ак-Суу районунда болуп ɵттү

«Карагат фест» мɵмɵ-жемиштердин тɵртүнчү ар жылдык фестивалы Ысык-Кɵл облусунун Ак-Суу районунда болуп ɵттү

Жарыяланган: 10 August 2016

2016-жылдын 6-августунда Ысык-Кɵл облусу, Ак-Суу району, Теплоключенка айылында «Карагат фест» мɵмɵ-жемиштердин IV ар жылдык фестивалы болуп ɵттү. Иш-чараны тɵртүнчү жылы катары менен «Кумтɵр Голд Компани» каржылап, «Авеп» коомдук фонду «Карагат плюс» программасынын алкагында ɵткɵрүүдɵ. Программаны жүзɵгɵ ашырууга жана күнөскана чарбаларын ɵнүктүрүүгɵ Компания тɵрт жылда 67 млн сомдой салым жасады.

Быйыл фестивалга КР Ɵкмɵтүнүн Ысык-Кɵл облусундагы ыйгарымдуу ɵкүлү, Ак-Суу районунун акими, ишмердүүлүгүн Ысык-Кɵлдɵ жүргүзгөн фермердик топтор, компаниялар менен жамааттар, «Кумтɵр» компаниясынын ɵкүлдɵрү, ошондой эле облустун 30 айылынан үч миӊдей адам катышты. Фестиваль салт боюнча августта, жергиликтүү жашоочулар мɵмɵ-жемиш түшүмүн жыйноо маалында ɵтɵт. Жылыга фестивалга 2-3 миӊдей адам келет. Фестивалдын максаты – Ысык-Кɵл облусунун мɵмɵ-жемиштерин таанытуу жана алардын жергиликтүү жана чет элдик рынокторго чыгышына ɵбɵлгɵ түзүү.

Фестивалдын коноктору үчүн мɵмɵ-жемиштердин майрамдык парады менен жарманкеси уюштурулуп, мастер-класстар ɵткɵрүлдү.Аларда мɵмɵ-жемиштерди ɵстүрүү тажрыйбасын жакшыртуу, продукцияны экспорттоо, күнөскана куруу, тамчылатып сугаруу системасын орнотуу жана пайдалануу боюнча маалымат берилди. Меймандар түркүн сорттогу мɵмɵ-жемиштерден ооз тийип, сатып ала алышты. Фестиваль кɵӊүл ачуу программасы менен коштолуп, белгилүү музыкалык топтор ɵнɵр кɵрсɵтүштү. Ɵзгɵчɵ айырмаланган фермерлер менен жигердүү катышуучулар иш чаранын уюштуруучулары менен демɵɵрчүлɵрдɵн сыйлыктарды алышты. Бөбөктөргө «Бугу Эне» КФдан белектер – «Кумтɵр» компаниясынын жардамы менен чыгарылган пазлдар, окуу карталары жана китептер берилди. Бардык каалоочулар «Кумтɵр Голд Компанинин» маалыматтык күркɵсүнɵ барып, компаниянын кызматкерлеринен Ысык-Кɵл облусун ɵнүктүрүү долбоорлору жөнүндө билип, «Кумтɵрдүн» ишмердүүлүгү жɵнүндɵ басылма материалдарды алышты. Ошондой эле ар бир конок алтын уютманын макетин кармап кɵрүп, ишкана боюнча кызыккан суроолорго жооп алды.

«Биздин фестивалдын максаты – фермерлерге мɵмɵ-жемиштерин сатып ɵткɵрүүгɵ жардам берүү, алар менен сатып алуучулардын ортосунда байланыш түзүү. Себеби, мɵмɵ-жемиштерди ɵстүрүү – Ысык-Кɵл облусунун экономикасынын маанилүү бɵлүгү, биз мындай иш чараларды ɵткɵрүү потенциалдуу сатып алуучуларды ɵлкɵбүздүн мɵмɵ-жемиштеринин экспорттук потенциалы менен тааныштырууга жана андан улам тармакты ɵнүктүрүүгɵ салымын кошууга мүмкүндүк берет деп эсептейбиз», – деп белгиледи Нурлан Токонов.

«Карагат плюс» программасынын концепциясы фермерлерди жаӊы практикаларга окутууда жатат. Программа ɵсүмдүк ɵстүрүүнүн инновациялык методдорун киргизет, фермерлерди айыл чарбасындагы жаӊы методдорго жана мамилелерге окутат, үшүккɵ чыдамдуу жана жогору түшүмдүү кɵчɵттɵрдү жайылтат, күнөсканаларды жана сактоочу камераларды курат, тамчылатып сугарууну киргизет. Мисалы, беш миӊдей фермер тамчылатып сугаруунун жардамы менен талааларды сугаруунун жаӊы методдорун окушту. Адамдар анын олуттуулугун түшүнүштү жана ал сугат суудан айрым бир проблемалар кезиккен региондо ɵтɵ белгилүү болуп калды. Дагы миӊдеген фермерлер күнөсканаларда ɵсүмдүк ɵстүрүүнү үйрɵнүштү. Ысык-Кɵл облусунун тɵрт кесиптик лицейинин жана жети социалдык мекемесинин негизинде күнөсканалар тургузулду. Эми алардын тарбиялануучулары күнөскана чарбасын жүргүзүү боюнча окуп жана келечекте ал билимдерин колдоно алышат. Бул жылдар аралыгында биз жакшы натыйжаларга жетиштик жана компания муну менен токтолуп калбай, айыл чарбасын ɵнүктүрүүгɵ ɵз салымын кошо бермекчи”, – деп белгиледи «Кумтɵр Голд Компанинин» тобокелдерди башкаруу, нормативдик негизди сактоо жана туруктуу ɵнүктүрүү боюнча вице-президенти Родни Ступарик.


Маалымат үчүн:
«Авеп» коомдук фонду – эл аралык уюмдардын, жеке, коомдук жана мамлекеттик сектордун кеӊири спектри менен Кыргыз Республикасынын элет региондорун туруктуу жана инновациялык ɵнүктүрүүгɵ натыйжалуу кɵмɵк кɵрсɵтүү максатында иштɵɵчү Борбор Азиялык ɵкмɵттүк эмес жана саясий эмес уюм.
«Карагат плюс» – «Кумтɵр» компаниясынын финансылык колдоосу астында «Авеп» коомдук фонду тарабынан жүзɵгɵ ашырылуучу тɵрт жылдык программа. «Карагат плюс» программасынын ишмердүүлүгү жергиликтүү жамааттарды ɵнүктүрүүгɵ жана мɵмɵ-жемиш продукциясынын рыногунун потенциалын кеӊейтүүгɵ багытталган. Программанын алкагында фермерлер продукцияны сатуу рыногун жɵнгɵ салып жана ɵндүргөн жемиштерди сатуудан пайданы жогорулата алуусу үчүн аларды маркетингдин негиздерине окутууга ɵзгɵчɵ кɵӊүл бɵлүнɵт.

Долбоордун аралык натыйжалары:

Тренингдер:
• мɵмɵ-жемиш кɵчɵттɵрүн ɵстүрүү боюнча питомниктердин персоналы үчүн квалификацияны жогорулатуу боюнча 10дон ашуун тренинг уюштурулду;
• 2010-жылдан бери 1 500 фермер тамчылатып сугаруу жана мɵмɵ-жемиш ɵсүмдүктɵрүн ɵстүрүү боюнча окутуудан ɵтүштү;
• Долбоордун алкагында карагат ɵстүрүү, теплица чарбасы жана багбанчылык боюнча 3 кыска мɵɵнɵттүү модулдук курс уюштурулду;
• 635 фермер кесиптик лицейлердин базасында мɵмɵ-жемиш ɵсүмдүктɵрүн ɵстүрүү боюнча курстарды аякташты.

Питомниктер:
• Долбоор иштеген тɵрт жыл аралыгында «Карагат плюс» программасы аркылуу жогору түшүмдүү сорттогу мɵмɵлɵрдүн 33 000 кɵчɵтү таратылган;
• Алты питомник 50 000 кɵчɵттү кɵбɵйтүштү жана фермерлерге сатып ɵткɵрүштү;
• Мɵмɵ-жемиштердин 13тɵн ашуун сорту импорттолду, анын ичинен 3 сорт Кыргыз Республикасынын Ɵсүмдүктɵр боюнча реестрине киргизилди.

Күнөсканалар:
• 4 демонстрациялык теплица кесиптик лицейлердин базасында курулду;
• 7 теплица социалдык мекемелердин базасында курулду;
• 14 фермер теплица курууга кредит алышты;
• 20 фермер теплицалар боюнча кыска мɵɵнɵттүү курстардын жыйынтыктары боюнча ɵз каражаттарына теплицаларды жана парниктерди курушту жана алган билимдерин жана кɵндүмдɵрүн ɵз чарбаларында жашылчаларды интенсивдүү ɵстүрүү боюнча пайдаланышууда.

Продукция сактоо камералары:
• 8 фермер айыл чарба продукциясын сактоо камераларын куруу үчүн кредит алышты, аларда ар жылы 150 тоннага чейин мɵмɵ-жемиш сакталууда.
Кабыл алуу пункттары:
• Ысык-Кɵл облусуна 20 мɵмɵ-жемиштерди кабыл алуу пункту түзүлдү, анын ичинен 8 пункту Казакстан жана Россия менен түз байланышты жолго салышты;
• 3 жылда фермерлер тарабынан 745 тонна мɵмɵ-жемиш кабыл алуу пункттарына сатылган.

Сатып ɵткɵрүү рыногун жɵнгɵ салуу:
• 2013-жылдан бери долбоордун алкагында кɵлдүк фермерлер 1 095 тонна мɵмɵ-жемиш берүүгɵ контракттарга кол коюшкан. Жергиликтүү даярдоочулар, кайра иштетүүчү ишканалар жана дүӊ сатып алуучулар менен 27 контракт ишке ашырылды. Дагы 8 контракт жүзɵгɵ ашырылуу стадиясында турат;
• 2016-жылы 350 тонна мɵмɵ-жемиш сатып ɵткɵрүүгɵ келишимдер түзүлгɵн.

Тамчылатып сугаруу:
• Тамчылатып сугаруусу менен областтын 5 районунда 58 демонстрациялык участок (8 участок – кесиптик лицейлерде, 50 участок – сынамык айылдарда) орнотулган;
• Алардын ичинен 44 демонстрациялык участокто карагаттын жаӊы сорттору ɵстүрүлүүдɵ, а 14 демонстрациялык участокто алманын, алмуруттун, ɵрүктүн жана алчанын жаӊы сорттору отургузулган.

Карагат FEST:
• 2013-жылдан бери 8 000ден ашуун адам Карагат FEST болушту, ал жүргүзүлгɵн тɵрт жылда фермерлер 230 тоннага жакын мɵмɵ-жемиштерди сата алышты;
• 2013-жылы мɵмɵ-жемиштер фестивалы Жети-Ɵгүз районунда, 2014-жылы – Тоӊ районунда, 2015-жылы – Түп районунда ɵттү.

Мобилдүү сунуштар:
• Долбоордун алкагында карагат ɵстүрүү жана теплицалар боюнча 2 мобилдүү сунуш иштелип чыккан; Мобилдүү сунуштар Google Play жайгаштырылды.

Долбоор жɵнүндɵ:
• «Кумтɵр» компаниясынын жана «Авеп» коомдук фондунун биргелешкен тɵрт жылдык программасы — «Карагат плюс» жергиликтүү жамааттарды ɵнүктүрүүгɵ жана мɵмɵ-жемиш продукциясынын рыногунун потенциалын кеӊейтүүгɵ багытталган. Жүзɵгɵ ашырылуу территориясы – түштүк жээгине басым жасалуу менен Ысык-Кɵл областы;
• Бул экологиялык багытталган программанын алкагында Коомдук фонд фермерлерди карагаттын жаӊы жогору түшүмдүү жана үшүк менен илдеттерге чыдамдуу сортторун ɵстүрүүгɵ жана талааларды сугаруунун инновациялык методдоруна окутат. «Авеп» коомдук фондусунун адистери питомниктердин, теплицалардын жана айыл чарба продукциясын кабыл алуу пункттарынын тармагын түзүүгɵ кɵмɵк кɵрсɵтүшɵт;
• Долбоор жɵнүндɵ кеӊири маалымат тɵмɵнкү сайта жеткиликтүү: www.karagat.kg

Каржылоо жɵнүндɵ:

• Программа аны социалдык жоопкер компания катарында «Кумтɵр Голд Компани» карманган Ысык-Кɵл областын комплекстүү туруктуу ɵнүктүрүү боюнча стратегияны жүзɵгɵ ашыруунун алкактарында финансыланууда. Бүгүнкү күнгɵ карата «Кумтɵр» компаниясы программага 67 млн. ашуун сом жумшады. 2016-жылы компания долбоорду жүзɵгɵ ашырууга дагы 7 млн. сомго жакын бɵлɵ тургандыгы күтүлүүдɵ.