ЖОЖ бүтүрүүчүлɵрү үчүн стажировка программасынын беш катышуучусу сертификат жана «Кумтɵр» компаниясынан иш алышты

ЖОЖ бүтүрүүчүлɵрү үчүн стажировка программасынын беш катышуучусу сертификат жана «Кумтɵр» компаниясынан иш алышты

Жарыяланган: 20 April 2016

2016-жылдын 15-апрелинде Бишкектеги «Парк Отель» мейманканасында жож бүтүрүүчүлɵрүнүн «Кумтɵр» компаниясынын техникалык тейлɵɵ бɵлүмүндɵ эки жылдык стажировкадан кийинки корутунду презентациясы болуп ɵттү.

Алгач, 2013-жылдын октябрында, «Кумтɵр» компаниясынын жабдуулардын ишенимдүүлүгүн камсыздоо боюнча бɵлүмдɵ стажировканы тандалып алынган тогуз бүтүрүүчү баштаган. Андан кийин бир катышуучу ɵз ыктыяры менен программадан чыгып, үчөө программа аяктаганга чейин эле компанияга ишке алынган, ошентип эки жылдык окутуунун жыйынтыгы боюнча беш катышуучу сертификат алды.

Жыйынтыктоочу салтанаттуу иш чарада бүтүрүүчүлɵр стажировкадан алган билими жана тажрыйбасы жɵнүндɵ айтып беришти. Бул күнү стажерлорду куттуктоо үчүн компаниянын жетекчилиги гана эмес, алардын ата-энелери да келишти. Программаны ийгиликтүү аяктаганы жɵнүндɵ сертификаттарды «Кумтɵр Голд Компанинин» президенти Даниэль Дежарден жана «Кумтɵр» компаниясынын техникалык тейлɵɵ бɵлүмүнүн менеджери Джерард Уигглсворт тапшырышты. Учурда бардык стажерлор компанияга ишке алынды.

МААЛЫМДАМА: ЖОЖ бүтүрүүчүлɵрү үчүн стажировкалар программасы окуу программасы тоо-кен тармагы менен байланышкан жана «Кумтɵрдүн» ɵндүрүш ишине тиешеси бар мыкты бүтүрүүчүлɵрдү тартуу үчүн 2006-жылы негизделген. Стажерлор эки жыл аралыгында теориялык билимин иште түз колдонуу менен практикалык тажрыйба топтоп, «Кумтɵр Голд Компанинин» структурасы жана жалпы ɵндүрүштүн иши менен таанышат. Бүтүрүүчүлɵрдү колдоо программасы таланттуу бүтүрүүчүлɵрдү тартууда жана адам капиталын ɵнүктүрүүдɵ маанилүү роль ойнойт. Программаны ийгиликтүү аяктагандан кийин стажерлор «Кумтɵр» компаниясына ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн алышат.