КЫРСЫКТАН САКТОО КЫЗМАТЫНЫН ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ-КУТКАРУУЧУСУ

КЫРСЫКТАН САКТОО КЫЗМАТЫНЫН ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ-КУТКАРУУЧУСУ

Жарыяланган: 27 July 2022

Жабык

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Кырсыктан сактоо кызматынын өрт өчүрүүчү-куткаруучусу (Кумтөр кени)

Билдирүүнүн номери: KGC-22-208

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Атайын агрегаттарды, механизмдерди, изоляциялык түзүлүштөрдү колдонуу менен өрттү өчүрүү, адамдарды куткаруу, материалдык баалуулуктарды эвакуациялоо, конструкцияларды ачуу жана демонтаждоо боюнча иштерди жүргүзүү;
  • Авариялык-куткаруучу, өрт-техникалык куралдарды жана жабдууларды жакшы абалда кармоо, атайын даярдыкты талап кылбаган, техникалык тейлөө, сыноо жана кемчиликтерди жоюу иштерин аткаруу;
  • Жумуш үчүн радио жана сүйлөшүү каражаттарын колдонуу;
  • Ишкананын өздүк курамы менен өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча сабактарды, инструктаждарды өткөрүү;
  • Жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү;
  • Кырсык болгон жерден жабыркагандарды ташуу;
  • Өрттөрдүн, авариялардын, табигый кырсыктардын кесепеттерин азайтуу же алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү.

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР: 

  • Жогорку (кесиптик орто) билим;
  • Белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр менен тастыкталган ар кандай багыттар боюнча кошумча билимдин болушу, анын ичинде ар кандай инженердик жабдууларда, механикалаштыруу куралдарында иштөөгө уруксаттар берүү боюнча билими кубатталат;
  • Адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
  • Өзгөчө кырдаалдарда куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн атайын даярдыктан өткөн жана сертификаты бар куткаруучу статусуна ээ болуу кубатталат;
  • В жана С категорияларындагы айдоочулук күбөлүк;
  • Microsoft Office программаларын колдоно билүү;
  • Ишти өз убагында бүтүрө билүү, максатка умтулуу, кунт болуу, стресске туруктуу болуу жана баарлашуу жөндөмү болуу;

Анкета жана резюмени 2022-жыл 09-август саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: KGC-22-208

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.