“Кумтөр” жөнүндө фильм ММКларда бизнестин социалдык жоопкечилиги темасын эң мыкты чагылдырууга конкурсту жеңип алды

“Кумтөр” жөнүндө фильм ММКларда бизнестин социалдык жоопкечилиги темасын эң мыкты чагылдырууга конкурсту жеңип алды

Жарыяланган: 16 April 2013

“Кумтөр” жөнүндө фильм ММКларда бизнестин социалдык жоопкечилиги темасын эң мыкты чагылдырууга конкурсту жеңип алды
Кыргызстандагы Корпоративдүү социалдык жоопкерчилик боюнча тармак (CSR Business Network) жана Өнүктүрүү саясат институту (ИПР/DPI) ММКларда бизнес-структуралардын социалдык жоопкерчилик темасын эң мыкты чагылдыруу үчүн “Өнөктөштүк – 2012” конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлашты. “Экологиялык коопсуздук темасын эң мыкты чагылдыруу” номинациясында жеңүүчүлөр катарында “Кумтөр” кен ишканасы жөнүндө “Төрт курам” көп сериялуу фильми боюнча иши үчүн оператор Евгений Чичурко жана журналист Евгений Печурин таанылышты. Фильм “Кумтөр” ишканасына арналган жана анда кенди иштетүүдө сакталып жаткан экологиялык нормалар жана талаптар жөнүндө айтылат.

Катары менен үч жылдан бери өткөрүлүп жаткан конкурстун уюштуруучулары белгилешкендей, бул жолу жюриге 120 иш берилген. Ошондой эле төмөнкү номинацияларда иштер да белгиленген:

• “Территорияларды өнүктүрүү темасын эң мыкты чагылдыруу (жергиликтүү жамаат менен өз ара аракеттенүү)”;
• “Продукциянын сапаты жана кардарлар алдындагы жоопкерчилик темасын эң мыкты чагылдыруу”;
• “Кайрымдуулук жана демөөрчүлүк темасын эң мыкты чагылдыруу”.