«Фауна жана Флора Интернешнл» (FFI) «Кумтөр» компаниясынын колдоосу менен Кыргызстандагы эң ири жана уникалдуу коруктардын биринин биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча план иштеп чыгууда

«Фауна жана Флора Интернешнл» (FFI) «Кумтөр» компаниясынын колдоосу менен Кыргызстандагы эң ири жана уникалдуу коруктардын биринин биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча план иштеп чыгууда

Жарыяланган: 18 December 2012

«Фауна жана Флора Интернешнл» жаратылышты коргоочу уюму жана «Кумтөр» компаниясы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областында биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого багытталган биргелешкен долбоорду жүзөгө ашырууну башташты. Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча алдыңкы эл аралык уюм менен алтын өндүрүүчү компаниянын ортосундагы кызматташуунун алкактарын аныктоочу Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга Бишкекте үстүбүздөгү жылдын ноябрында кол коюлган.

FFI менен Сарычат-Эрташ коругунун он жылдык кызматташуусу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча биргелешкен долбоордун пайдубалы болуп калды. 2002-жылдан 2008-жылга чейин бир катар жаратылышты коргоочу уюмдар корукту башкаруунун беш жылдык планын түзүүнүн үстүнөн иштешкен, ал өзүнө ак илбирстин тукумун сактап калуу боюнча иш чараларды камтыган. Мурдагы долбоор ЭФК, ЕРӨБ жана “Кумтөр” компаниясы тарабынан финансыланган.

Региондогу жаратылышты коргоо чараларын башкарууну жакшыртууга багытталган жаңы пландын үстүнөн иштөөгө бардык кызыкдар тараптар катышышты. Документ мамлекеттик деңгээлде бекитилмекчи. Белгиленген иш чаралар өзүнө флора менен фаунанын абалына изилдөөлөрдү, мониторингди, коруктун администрациясы жана жергиликтүү жамааттар үчүн тренингдердин сериясын жүргүзүүнү камтыйт, ошондой эле пландын өзүн жүзөгө ашырууну техникалык колдоону да карайт. 2012 – 2013-жж. финансылоонун баштапкы суммасы 125 миң долларга жакын, анын 70 миңин “Кумтөр” компаниясы бөлмөкчү.

“Кумтөр” компаниясынын президенти Майкл Фишер мындай деп белгиледи: «Биздин компания өнөр жай коопсуздугу жана курчап турган чөйрөнү коргоо маселелерине зор көңүл бөлөт. Социалдык жоопкерчилик жана туруктуу өнүктүрүү принциптерин кармануу менен биз биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана өнүктүрүүгө ар тараптуу өбөлгө түзмөкчүбүз. Азыркы учурда биз стратегия жана иш чаралар планын иштеп чыгуудабыз, аларда курчап турган чөйрөнү коргоо тармагында жергиликтүү да, ошондой эле эл аралык да уюмдар менен кызматташууну кеңейтүү каралган. “Фауна жана Флора Интернешнл” менен биргелешкен долбоор бул иштин маанилүү курамы болуп саналат».

«Биздин курчап турган чөйрөнү коргоо тармагындагы долбоорлорубуздун ийгиликтүүлүгүнүн көрсөткүчү болуп кен ишканасынын жака-белиндеги территориялардагы жапайы жаныбарлардын санын көбөйүшү кызмат кылат, алар ак илбирстин, аркардын жана башка сейрек түрлөрдүн таралуу ареалы болуп саналышат. “Фауна жана Флора Интернешнл” менен аракеттерди бириктирүү дагы көп ийгиликтерге жетишүүгө мүмкүндүк берет деп эсептейм”, – деп баса белгиледи Майкл Фишер.

«Өз ишмердүүлүгүндө «Фауна жана Флора Интернешнл» бардык деңгээлдерде кызматташууга умтулат: биз үчүн өкмөттүн колдоосу да, эксперттик жамааттын жана жергиликтүү калктын да экологиялык программаларды жүзөгө ашырууга активдүү катышуусу маанилүү. “Кумтөрдүн” жаңы долбоорго катышуусу бизнестин жаратылышка жоопкер мамилесинин жакшы мисалы болуп саналат. Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана Сарычат-Эрташ коругун башкаруу боюнча иш өтө маанилүү, анын үстүнө бул Кыргызстандын территориясындагы эң чоң жана уникалдуу улуттук коруктардын бири», – деп баса белгиледи жаратылышты коргоо уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Жаркын Саманчина.

Маалымат үчүн:

«Фауна жана Флора Интернешнл» (FFI), 1903-ж. негизделген, дүйнөнүн 40тан ашуун өлкөлөрүнүн территорияларында иштеп жаткан дүйнөдөгү эң эски эл аралык жаратылышты коргоочу уюм болуп саналат. Уюмдун ишмердүүлүгү жоголуп бара жаткан биологиялык түрлөрдү жана экосистемаларды коргоого, иштин так илимдин маалыматтарына негизделген экологиялык коопсуз методдорун киргизүүгө багытталган. FFI адамдардын жашоо деңгээлин жогорулатууга да умтулат. КРнын Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргызстандын территориясында курчап турган чөйрөнү коргоо ишиндеги анын сиңирген эмгегин таануу катарында ардак дипломду ыйгаруу менен уюмдун ишмердүүлүгүн баалады.

___________________________________________________________________________

Кеңири маалымат үчүн кайрылыңыздар:

Линдси Сандбрук, Коомчулук менен байланыштар боюнча кызматкер
Тел: +44 (0) 1223 431 976, lindsey.sandbrook@fauna-flora.org

Комментарийлер үчүн жеткиликтүү:

Бен Феррис, “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” экология боюнча Директору, environment@kumtor.com