“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) “Күлүк” олимпиадалык резервинин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин жайларын жана спорттук курулмаларын модернизациялоого колдоо көрсөтөт. Кыргызстанда бул билим берүү мекемеси 65 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келет. Бул жерде балдарды ат минүүгө үйрөтүшөт жана спортчуларды мелдештерге машыктырышат. Мектеп классикалык олимпиадалык ат спортунун түрлөрүн өнүктүрөт. Алар конкур (тоскоолдуктардан секирип өтүү) жана ат чабуу, дрессура (ат бийи).
Ат спорту Кыргызстан тарыхый жана маданий мурасында өзгөчө орунга ээ. Ат спортунун дүйнө жүзү боюнча жана өзгөчө Евразия мейкиндигинде тез өнүгүп жатканын жана популярдуулугун белгилеп кетүү зарыл. 12-15-майда “Күлүк” ат спорт мектебинин базасында ат спорту боюнча эл аралык мелдештер өттү, алардын башкы максаты Евразия биримдигинин өлкөлөрүнүн ортосунда достукту бекемдөө. Мелдештин жабылышында КГКны башкарган “Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы” Улуттук холдингдик компаниясынын президенти Теңиз Бөлтүрүк ат спорт мектебинин директоруна мектептин имараттарын жана спорттук курулмаларын модернизациялоого сертификат тапшырды.
– Биз сиздердин мыкты салттарды сактоо боюнча көп жылдык эмгегиңиздерди жана спорттун бул түрүнө кошкон салымыңыздарды баалайбыз. “Кумтөрдүн” жардамы менен машыгуу аянты реконструкцияланды, жабдыктар жаңыланды, эл аралык мелдештерди өткөрүүнүн заманбап техникалык ченемдерине жана стандарттарына жооп берген сугат-дренаждык система түзүлдү. Мектептин мүмкүнчүлүктөрү өсөт, бул жерде эң жогорку деңгээлдеги спорттук иш-чаралар өткөрүлөт. Биз спортту өлкөбүздөгү бардык балдар үчүн жеткиликтүү кылуу үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз деп Компаниянын атынан бардыгын ишендирип кетким келет, – деди Теңиз Бөлтүрүк.
Дене тарбияны жана сергек жашоо образын жайылтуу – бул ар бир өлкө үчүн маанилүү. КГК мамлекет башчысынын «Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбия жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууга жигердүү колдоо көрсөтөт. “Кумтөр” компаниясы Кыргыз Республикасында балдар-өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү боюнча “Мектеп лигасы” масштабдуу долбоорунун башкы демөөрчүсү болду. “Күлүк” олимпиадалык резервинин ат спорт мектебин колдоо “Кумтөрдүн” көптөгөн улан-кыздардын спорт менен машыгуусуна кошкон дагы бир салымы.