Көмүрдүн майдаландысынан алтын менен күмүштү ылгап алуу үчүн өндүрүштүк циклин уюштуруу жана жүзөгө ашыруу боюнча алдын-ала квалификациялык тандоо конкурсу

Көмүрдүн майдаландысынан алтын менен күмүштү ылгап алуу үчүн өндүрүштүк циклин уюштуруу жана жүзөгө ашыруу боюнча алдын-ала квалификациялык тандоо конкурсу

Жарыяланган: 30 September 2016

ТЕНДЕР ЖАБЫК

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу (КГК) Кумтөр кениндеги алтын ылгоо процесси учурунда пайда болгон көмүрдүн майдаландысынан алтын менен күмүштү ылгап алуу үчүн өндүрүштүк циклин уюштуруу жана жүзөгө ашыруу боюнча алдын-ала квалификациялык тандоо конкурсуна катышууга чакырат. Көмүрдүн майдаландысын кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк цикли Кумтөр кен ишканасынын аймагында орун алат.

Компанияларды тандоо төмөнкү шарттардын негизинде жүргүзүлөт:

• Компания баардык керектүү болгон жабдууларды сатып алууга, жеке өзүнүн каражаттарынын эсебинен жумуш аткаруу имараттарын курууга тийиш;
• Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке киргизүү жана андан ары эксплуатациялоо үчүн зарыл болгон баардык уруксаат кагаздарын алуу;
• Көмүрдүн майдаландысын кайра иштетүү боюнча сунуш кылынган технологиялык схемада катаал климаттык шарттар эске алынып, курчап турган чөйрөгө минималдуу терс таасир тийгизүү менен жүзөгө ашырылышы зарыл;
• Күнүнө минимум 3 тонна көмүр майдаландысын кайра иштетүү жана көмүр майдаландысынан алтын менен күмүштү ылгап алууну 81%дан кем эмес камсыздоо, ошондой эле андан ары Доре эритмесин алуу үчүн жабдуулардын өндүрүш кубаттуулугу жетиштүү болушу абзел.
• Көмүр майдаландысын кайра иштетүүдөн кийин алынган Доре эритмеси, ошондой эле калган баардык калдыктар компаниянын менчиги болуп саналат жана КГКнын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилиши керек.

Сунуштун мазмунуна болгон минималдык талаптар:

• Юстиция Министрлигинен каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн, уюмдаштыруу документтеринин, уставдын, салык төлөөчүнүн карточкасынын жана салык төлөөчүнү каттоо баракчасынын көчүрмөлөрүн тапшыруу;
• Курамында алтын жана (же) күмүш болгон кен менен чийки затты кайра иштетүү процессине тийиштүү болгон баардык лицензиялардын жана уруксаат кагаздарынын көчүрмөлөрүн тапшыруу;
• Көмүр майдаландысын кайра иштетүү боюнча сунуш кылынган технологиялык схеманы түшүндүрүү, анын натыйжалуулугун негиздеп берүү. Аталган технология колдонулган объектилердин тизмегин берүү;
• Сунуш берүүчүнүн ишмердүүлүгү, ал акыркы 2 жыл аралыгында катышкан жана утуп алган тендерлер туурасында кыскача маалымат, штаттык ырааттамасы.

КГК милдеттемелери:

• Толлинг келишиминин шарттары менен мөөнөттөрүн талкуулоо;
• Көмүр майдаландысын кайра иштетүү участогун жайгаштырууга жетиштүү болгон аянт бөлүп берүү;
• Кайра иштетүү үчүн көмүр майдаландысы менен камсыз кылып берүү;
• Электр энергиясы, суу менен камсыздоо, деңиз контейнерлерин кошо алганда кенде бар болгон айрым зарыл каражаттарды берүү ж.б.;
• Келечектеги подряддык уюмдун жумушчуларынын жашаган жери жана тамак-ашы.

Бардык сунуштар оозу чапталган жана сыртында «Көмүр майдаландысын кайра иштетүү» деп жазылган конверттин ичинде, Бишкек шаары, Ибраимов көч., 24, “Учкун” АКнун имараты, 14 каб., дарегине 2016-ж., 15-октябрь, саат 17:00 чейин тапшырылуусу зарыл.

КГК келип түшкөн арыздын кайсынысы гана болбосун, бүтүндөй же жарым-жартылай кабыл алуу же четке кагуу укугун сактайт. Ылайыктуу сунуш жиберген жана ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыйбасы бар гана компаниялар КГК тарабынан билдирүү алышат.