2013-жылдын I кварталынын өндүрүштүк натыйжалары

2013-жылдын I кварталынын өндүрүштүк натыйжалары

Жарыяланган: 05 June 2013

Operating Results of the First Quarter of 2013Centerra Gold Inc. («Центерра») компаниясы жана «Кумтор» компаниясы 2013-жылдын I кварталындагы иштин жыйынтыктарын чыгарышты. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 3 айында “Кумтөрдө” 89 618 унция1 же 2 787 кг алтын өндүрүлгөн. Жыл башынан бери компания 1,4 миллиард сомдон ашуун суммада салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

Продукция өндүрүү жана сатып өткөрүү

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 3 айында “Кумтөр” кен ишканасында 89 618 унция же 2,787 тонна алтын өндүрүлгөн (салыштыруу үчүн: 2012-ж. ушундай мезгилинде 60 707 унция же 1,89 тонна алтын өндүрүлгөн).

Өндүрүштүн көлөмүнүн көбөйүүсү 2012-жылдын 4-кварталында казып алынган жана топтолуп коюлган байыраак руданы кайра иштетүүдөн улам мүмкүн болгон.

2013-жылдын 1-кварталында АЫФка берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы 2,69г/т, бөлүп алуу пайызы – 74,1% болгон, ошол эле учурда 2012-жылдын ошол кварталында алтындын орточо курамы 1,98 г/т, а бөлүп алуу пайызы – 72,6% болгон. 2013-жылдын 1-кварталында фабрикада 1,5 млн. тонна руда кайра иштетилген, башкача айтканда 2012-жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу 18%га көп болгон.

Сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 1-кварталда 91 617 унцияны, же 2,85 тонна алтынды түздү. Продукцияны сатып өткөрүүдөн жалпы түшкөнү 148,7 млн. долларды2 түздү.

“Кумтөр” кен ишканасында өндүрүлгөн Доре куймалары бул “Кумтөр Оперейтинг Компани”, “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, “Кыргызалтын” Ачык акционердик коому тарабынан Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада аны андан ары кайра иштетүү үчүн сатып алынат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чектеринен тышкары сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААКсы гана ээ.

Өндүрүштүк жана капиталдык чыгымдар

2013-жылдын I кварталында капиталдык чыгымдар 102,2 млн. АКШ долларын түздү, анын ичинен:
– 11,7 млн. доллар – негизги фондуларды модернизациялоого;
– 16,1 млн. доллар – өзүнө тоо-кен техникасы паркын кеңейтүүгө бөлүнгөн 13 млн. долларды камтуу менен өндүрүштү өнүктүрүүгө;
– 74,3 млн. доллар – кыртышты ачуу иштерине багытталган.

2013-жылдын 1-кварталында продукциянын салыктарды төлөгөнгө чейинки бир унциясын өндүрүүгө кеткен жалпы акчалай чыгымдар 1359 долларды түзгөн, ошол эле учурда 2012-жылдын 1-кварталында алар 2934 долларды түзгөн. Көрсөтүлгөн төмөндөө өндүрүлгөн продукциянын көбөйгөн көлөмүнөн жана капиталдык чыгымдардын өсүшүнүн кыскаруусунан улам болуп өттү. 2012-жылдын тиешелүү мезгилинде “Кумтөр” өндүрүлгөн продукциянын унциясына 1270 доллар эсебинде ага 77,1 млн. доллар жумшоо менен өзүнүн тоо-кен техникасы паркын кеңейтүүнү жүргүзгөн. 2012-ж. көрсөтүлгөн чыгымдары эксплуатациялык акчалай чыгымдарды кыскартуунун жана иш таштоолордун жүрүшүндө ишкананын 10 күндүк токтоп туруусунун кесепетинен улам кыртышты ачуу иштерин капиталдаштырылуусу менен жарым-жартылай компенсацияланды.

Дүң кирешеге салыкты эске алуу менен ишкананын продукциянын бир унциясына жалпы чыгымдары 2013-жылдын 1-кварталында 1 591 долларды түздү, алар 2012-жылдын 1-кварталында 3 183 доллар болгон.
Геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө чыгымдар 2,4 млн. долларды түздү.

Бургулоо иштеринин натыйжаларынын толук тизмеси жана “Кумтөр” кен ишканасынын көмөкчү карталары Электрондук издөө жана маалыматтын анализи системасында (SEDAR) жайгаштырылган жана компаниянын сайтында: www.centerragold.com жеткиликтүү.

I квартал, 31мартка карата
2013 2012 Өзгөрүүлөр
Сатып өткөрүлгөн алтын (унция менен) 91 617 62 196 47%
Сатып өткөрүлгөн алтын (кг менен) 2850 1 935 47%
Сатып өткөрүүнүн орточо баасы (унциясына АКШ доллары менен) 1 623 1 732 (6%)
Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат* (млн. АКШ доллары менен) 148,7 107,7 38%
Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы (млн. АКШ доллары менен) 66,3 62,8 6%
Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы (унциясына АКШ доллары менен) 724 1,010 (28%)
Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң тонна) 40 184 30 746 31%
Казылып алынган руданын көлөмү (миң тонна) 209 63 232%
Казылып алынган рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 2,45 1,33 85%
Кайра иштетилген руданын көлөмү (миң  тонна) 1 473 1 252 18%
Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 2,69 1,98 36%
Алтынды бөлүп алуу пайызы (% менен) 74,1 72,6 2%
Өндүрүлгөн алтын (унция менен) 89 618 60 707 48%
Өндүрүлгөн алтын (кг менен) 2787 1 888 48%
Операциялык акчалай чыгымдар (млн. АКШ доллары менен) 452 642 (30%)
Жалпы акчалай жумшоолор* (салыктарды кемиткенге чейин) (млн. АКШ доллары менен) 1 359 2 934 (54%)
Жалпы акчалай жумшоолор (салыктарды эске алуу менен) ( млн. АКШ доллары менен) 1 591 3 183 (50%)
Капиталдык жумшоолор (млн. АКШ доллары менен) 102,2 126,2 (19%)
Геологиялык чалгындоолорго чыгымдар (млн. АКШ  доллары менен) 2,4 2,2 9%

*  Жалпы акчалай жумшоолор (салыктарды кемиткенге чейин) өзүнө төмөнкү чыгымдарды камтыйт: операциялык акчалай чыгымдар (руданы казып алуу, кайра иштетүү, өндүрүшкө салыктар (дүң кирешеге салыкты кошпогондо) жана административдик жумшоолор), капиталды колдоп туруу жана өстүрүү (анын ичинде капиталдаштырылган кыртышты ачуу иштерине жумшоолор), геологиялык чалгындоо иштерине чыгымдар жана жамааттарга инвестициялар.
 **     Компания отчеттуулукка жаңы көрсөткүчтү – «Жалпы акчалай жумшоолорду» кошууну чечти, себеби бул метод иш жүзүндөгү өндүрүштүк жумшоолор жөнүндө толугураак түшүнүктү берет деп эсептейт. «Жалпы акчалай жумшоолор» (салыктарды кемиткенге чейин) бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган нормаларына кирбейт.

Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр жана милдеттүү которуулар

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 1,44 миллиард сомду  түздү.
“Кумтөр” долбоору боюнча 2013-жылдын 3 айындагы салык жана милдеттүү которуулар

2013-жылдын 31-мартына карата Миң АКШ доллары менен
Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна взнос 2 409,90
Экологиялык төлөм 310,00
Киреше салыгы 1 153,88
КРнын Социалдык фондуна төлөмдөр 5 761,25
Бажы төлөмдөрү 228,38
Резидент эместердин кирешелерине салык 130,08
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар 19,02
Жалпысынан 30 042,74
31. 03. 2013-ж. карата АКШ долларынын КРнын сомуна карата расмий курсу 47.96
Төлөнгөн төлөмдөрдүн эквиваленти миң сом менен 1 440 879,74

Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң кирешеге салыкты жана Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондусуна взносторду эсептөө үчүн база катарында көрсөтүлгөн мезгилге продукцияны сатуудан иш жүзүндөгү акчалай түшүүлөр саналат.

2013-жылга перспективалар 

2013-жылы өндүрүштүн жалпы көлөмүнүн 55%га жакыны анын ресурстары көп жылдардан бери өндүрүштүк жүгүртүүдө турган SB зонасындагы бай руданы казып алуунун эсебинен 4-кварталга туура келет. SB зонасынан бай руда казып алуу үчүн 3-кварталдын акырында гана жеткиликтүү болот. Бул өзгөрүүлөр өндүрүштүн жалпы көлөмүндө чагылдырылбайт, ал 550 – 600 миң унциядай алтынды түзмөкчү.

Жалпы капиталдык чыгымдар, кыртышты ачуу иштерин кошпогондо, 2013-жылы 95 млн. долларды түзмөкчү, анын ичинде 64 млн. доллар негизги фондуларды модернизациялоого каражаттар түрүндө. Модернизациялоого каражаттардын эң чоң көлөмдөрү оор техника паркын кайра жабдууга (29 млн. доллар), жаңы тоо-кен техникасын сатып алууга (17 млн. доллар), калдыктарды сактоочу жайдын дамбасынын деңгээлин жогорулатууга (5 млн. доллар) жана башка долбоорлорго (13 млн. доллар) жумшалмакчы.

2013-жылы өнүктүрүүгө инвестициялар, 2013-жылга тоо-кен иштеринин планына ылайык, кен ишканасынын контурларын кеңейтүүгө байланыштуу инфраструктуранын айрым объектилерин орун которуштурууга (26 млн. доллар) жана башка долбоорлорго (5 млн. доллар) чыгымдарды кошо алганда 31 млн. долларды түзүүгө тийиш.

Жылдык дивиденддерди төлөп берүү

Компаниянын Директорлор кеңеши бир кадимки акцияга 0,04 канадалык доллар өлчөмүндө дивиденддерди эсептеди. Жогоруда көрсөтүлгөн дивиденд 2013-ж. 6-июнунда Торонтодогу биржада 2013-ж. 23-майына карата катталган бардык акционерлерге төлөнүп берилмекчи.

Комментарий

«Биринчи кварталда компания бош тектин кыймылынын тездешине байланыштуу кен ишканасынын айрым объектилерин демонтаждоо жана ордун которуу боюнча планды жүзөгө ашырууга тезинен киришти. Кызматкерлер убактылуу иш орундарына көчүштү, жаңы объектилер курулганга чейин ал жерде иштөөсүн улантышмакчы. Компания өндүрүштүк иштердин үзгүлтүксүздүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрдү. Буга карабастан, өткөн кварталдагы биздин өндүрүштүк ишмердүүлүгүбүздүн көрсөткүчтөрү жылдык план ийгиликтүү аткарыла жана продукциянын жылдык көлөмүнүн 50%дан ашууну төртүнчү кварталда өндүрүлө тургандыгын тастыктоого бардык негиздерди берет», – деп белгиледи «Кумтөр» компаниясынын президенти Майкл Фишер 2013-жылдын 1-кварталынын жыйынтыктарын чыгарып жатып.

 

***

 


“Кумтөр” кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашкан, Борбордук Азиядагы батыш компаниясы тарабынан башкарылуучу эң ири алтын кен ишканасы болуп саналат. 1997-жылдын майында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан 2013-жылдын 31-мартына чейин “Кумтөрдө” жалпысынан 8,7 млн. унция же 271 тонна алтын өндүрүлгөн.

“Кумтөр Оперейтинг Компани” “Кумтөр” долбоорунун оператору болуп саналат жана бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчилик тартат.

“Центерра Голд Инк.” Борбордук Азияда, мурдагы Советтер Союзунда жана башка өнүгүп жаткан өлкөлөрдө алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген, өнүгүүгө багытталган алтын өндүрүүчү компания болуп саналат. “Центерра” түндүк америкалык алдыңкы алтын өндүрүүчү жана ири батыш компаниясы – Борбордук Азиядагы алтын өндүрүүчү болуп саналат. “Центерранын” акциялары Торонтодогу фондулук биржада (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компания Канаданын Торонто шаарында жайгашкан.

Кыргыз Республикасы, «Кыргызалтын» ААКсы аркылуу «Центерранын» акцияларынын эң ири пакетинин – 77 401 766 акциясынын – 33%га жакынынын кармоочусу болуп саналат. 2013-жылдын 29-мартына карата Кыргызстандын акцияларынын пакетинин наркы 460 млн. доллардан ашып кетти.

Азыркы учурда “Центерра” Кыргыз Республикасында жана Монголияда эки аракеттеги алтын кен ишканасына ээлик кылат. Мындан тышкары, Компания Түркияда “Оксут” долбооруна ээ жана Монголияда, Түркияда, Кытайда жана Россия Федерациясында перспективалуу объектилерде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө үлүштүк катышка ээ.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат SEDAR www.sedar.com сайтында жана компаниянын www.centerragold.com сайтында жеткиликтүү жайгаштырылган, ошол эле жерден 2013-жылдын I кварталынын жыйынтыктары боюнча пресс-релиздин толук тексти менен таанышууга болот.”Кумтөр” компаниясы жөнүндө маалымат www.kumtor.kg сайтында жеткиликтүү.
___________________________________________________________________________________________________________
* – Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм
** – Эгерде башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акча суммалары АКШ долларында келтирилген.