«Кумтɵр» компаниясынын инженердик-геологиялык бөлүмү Бишкектеги № 71 мектеп-интернаты менен карылар үйүнө жардам берди

«Кумтɵр» компаниясынын инженердик-геологиялык бөлүмү Бишкектеги № 71 мектеп-интернаты менен карылар үйүнө жардам берди

Жарыяланган: 14 November 2016

«Кумтɵр» компаниясындагы инженердик-геологиялык бөлүмдүн жамааты № 71 мектеп-интернатына матералдык жардам көрсөттү. Бөлүмдүн кызматкерлери акча чогултуп, ал каражатка төрт кесипкөй чач-тарач жабдык топтому менен 25 чарчы метр күрөш матын сатып алып, жеткирип беришти. Мектеп-интернат директору Рустам Атаев кумтөрчүлөргө берген жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Эми мектеп-интернаттын бүтүрүүчүлөрү аттестат менен кошо «чач-тарач» кесиби боюнча да сертификат алууга шарты бар. Учурда бул окуу жай 7 жаштан 16 жашка чейинки 200 жетим бала үчүн үй.
Андан сырткары, «Кумтөрдүн» инженердик-геологиялык бөлүм жамааты «Элим барсыңбы?» кайрымдуулук фонду менен биргеликте борбор калаадагы карылар үйүнүн тургундары үчүн майрамдык чай уюштуруп беришти. Иш-чара чакан концерт жана белек тапшыруу менен коштолду.

Бул кайрымдуулук акциялар төмөнкү кызматкерлердин жардамы менен өткөрүлдү: Жумалиев Каныбек, Шабунин Андрей, Молдобеков Кубанычбек, Мокеев Тынчтык, Коршунов Сергей, Логвинов Дмитрий, Селедков Евгений, Дуйшембиев Сардар, Турдукеев Мелис, Дуйшембиева Айнура, Алексеев Кирилл, Мамиев Элдар, Зикиров Шавкат, Каниметов Сүйүн, Бабаев Таалай, Жунушбаев Азат, Каримов Рустам, Эшалиева Жылдыз жана Идрисов Канат.