«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери ардагерлерди Жеӊиш күнү менен куттукташты

«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери ардагерлерди Жеӊиш күнү менен куттукташты

Жарыяланган: 12 May 2016

2016-жылдын 6-майында Бишкек ресторандарынын биринде «Кыргыз Республикасынын ардагерлери жана майыптары» коомдук бирикмесинин мүчɵлɵрү Жеӊиш күнүн майрамдоо үчүн чогулушту. Майрамдык иш чаранын башкы демɵɵрчүлɵрү Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана «Кумтɵр Голд Компанинин» ɵкүлдɵрү болушту.

«Кумтɵрдүн» элчилери ардагерлерди Советтер Союзунун Улуу Ата мекендик согуштагы жеӊишинин 71 жылдыгы менен куттуктап, бардык катышуучуларга тынччылык каалап, курман болгондорду эскеришти. Иш чарада ардагерлер фронттук ырларды созуп, согуштан кийинки мезгилдин ырларын окушту.

«Кумтɵр» компаниясы майрамдык дасторкон жана ардагерлер үчүн азык-түлүк топтомдорунун акысын каржылады. Ɵз кезегинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ардагерлерге 1000 сомдон бɵлүп берди. «Кыргыз Республикасынын ардагерлери жана майыптары» коомдук бирикмесинде согуштун жана ооруктун 230 ардагери каттоодо турат, алардын кɵпчүлүгү катыша албады, бирок уюштуруучулар аларды майрамдоодон кийин куттукташты.

«Биз үчүн бүгүн бул жерде болуу жана ардагерлерди Жеӊиш күнү менен куттуктоо чоӊ сыймык. Сиздердин эрдигиӊиздер ар дайым эсибизде болуп, сыймыктанып келебиз. Сиздер көрсөткөн баатырдыктын улам асманыбыз ачык жана балдар менен неберелерибиз бейпил жашоодо», – деп белгиледи «Кумтɵр» компаниясынын ɵкмɵт менен байланыш боюнча менеджери Акылбек Дүйшембиев.

«Жылыга майрам алдында бирикмебиздин бардык мүчɵлɵрү баарлашып, эскерүүлɵрү менен бɵлүшүү үчүн чогултууга аракеттенебиз. Бүгүнкү иш чараны колдоого алгандардын жана кɵӊүл бургандардын баарына ыраазыбыз», – деп белгиледи «Кыргыз Республикасынын ардагерлери жана майыптары» коомдук бирикмесинин кызматкери Жылдыз Молдобаева.

«Кумтɵр» «Кыргыз Республикасынын ардагерлери жана майыптары» коомдук бирикмесин биринчи жылы колдоп жаткан жок. Быйыл «Кумтɵр» компаниясы майрамдык дасторкон менен азык-түлүк топтомдоруна 300 000 сом бɵлдү. Ɵткɵн жылы «Кумтɵр» Жеӊиш күнүн майрамдоого 466 миӊ сом бɵлгɵн, ошондой эле беш ардагердин санаторияда дарылануу акысын көтөргөн.

«Кумтɵр» компаниясынын Туруктуу ɵнүктүрүү бɵлүмү иш-чараны уюштуруу жана өткөрүүдө үчүн Гүлбара Жумагулова, Гүлмира Турдубаева, Елена Евсеева, Сайха Масимова, Ширин Асанова, Мээрим Мамакадырова, Акылбек Осмонов жана Алла Журинага ыраазычылык билдирет.