Мунайзат өнүмдөрдү текшерүү, көзөмөлдөө жана ишенимдүү коштоосун уюштуруу кызматтарын сунуштоо

Мунайзат өнүмдөрдү текшерүү, көзөмөлдөө жана ишенимдүү коштоосун уюштуруу кызматтарын сунуштоо

Жарыяланган: 23 December 2016

ТЕНДЕР ЖАБЫК

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу (КГК) кызыккандарды КГКнын дарегине темир жол аркылуу жеткирилген мунайзат өнүмдөрдү текшерүү, көзөмөлдөө жана ишенимдүү түрдө Казак Темир Жолунун «Луговая» бекетинен Кыргыз Темир Жолунун «Рыбачье» бекетине чейин коштоосун уюштуруу кызматтарын сунуштоо конкурсуна катышууга кайрадан чакырат.

КАТЫШУУЧУЛАРГА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР:

Каттоо документтерин, катышуучу жана мурунку иш тажрыйбасы жөнүндө кыскача маалыматты, өнөктөштөрдүн тизмесин жана рекомендацияларды тапшырып берүү;
Кызматтарды аткаруу үчүн керектүү материалдык жана техникалык базага ээ болуу;
Коммерциялык сунуш.

Бардык сунуштар жазылуу түрдө, «Тандоо комиссиясынын төрагасына» деген жазуу менен оозу чапталган А-4 форматындагы конвертте, 2017-ж. 27 январь, саат 17:00гө чейин Бишкек ш., Ибраимов көч. 24, 10-кабат дарегине тапшырылышы абзел. Жогоруда белгиленген мөөнөттөн кийин жана электрондук почта аркылуу жиберилген сунуштар каралбайт.

Эң ылайыктуу шарттарды сунуштаган катышуучулар келишмдин шарттарын жана жоболорун тагыраак талкууга чакырылат. КГК келип түшкөн сунуштарды толугу менен же кандайдыр бир бөлүгүн кабыл алуу же албоо укугун сактап, эң төмөн баа сунуштаган катышуучуну чакырууга милдеттенбейт.

Кошумча суроолор пайда болгон учурларда, кызыккан тараптар kumtor_localbuyer@kumtor.com электрондук почтасына кайрылса болот.