«Кумтөр» компаниясы Ысык-Көл облусундагы энергиялык эффективдүү курулушка жардам көрсөттү

«Кумтөр» компаниясы Ысык-Көл облусундагы энергиялык эффективдүү курулушка жардам көрсөттү

Жарыяланган: 10 August 2020

«Кумтор Голд Компани» ЖАК «Региондогу энергиялык эффективдүү курулушту жайылтуу» долбоорун ишке ашырууну колдоого алды. Долбоордун ишке ашыруучусу – «Seico» коомдук бирикмеси. Долбоордун бюджети 130,000 АКШ доллары.

Долбоор Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун калкынын энергия сактоочу жашыл технологияларды жана жер титирөөгө туруктуу негиздерди колдонуунун артыкчылыктары жана ыкмалары, «жашыл көндүмдөрдү» жана  ноу-хау, ошондой эле жергиликтүү куруучулардын жана жеке курулушчулардын үйлөрүн жер титирөөгө туруктуулугун камсыздоо тууралуу маалыматын жогорулатууга багытталган, бул аракеттер натыйжада энергиялык эффективдүү жана коопсуз үйлөрдүн көбөйүшүнө алып келет.

Долбоордун максаттуу тобу болуп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, калк, өзгөчө жумушсуз жаштар, кызыкдар жеке курулушчулар жана жергиликтүү куруучулар эсептелинет.

Аталган долбоордун алкагында Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун тандалган пилоттук айылдарында көрсөтмөлүү үлгүлөр менен (социалдык обьектилердин жана жеке үйлөрдүн энергиялык аудити, курулуш сапатын текшерүү ж.б.) маалыматтык кампаниялар өткөрүлөт. Тандалган объектилерде жергиликтүү куруучулар жана жеке курулушчулар үчүн үйрөтүүчү практикалык тренингдер (мастер-класстарды) уюштурулат. Окутуу жергиликтүү куруучулардын жана бригадалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун натыйжасында алардын кирешелерин көбөйтөт. Жергиликтүү курулуш бригадалары иштеп жаткан конкреттүү объектилери боюнча Seico бирикмесинен инженерлердин жана эксперттердин консультациялык колдоосуна ээ болот. Бул аракеттердин жыйынтыгында окутуунун аягында өзүнүн кызматтарын долбоордун эки районунун калкына эле эмес, жалпы Кыргызстанга сунуштай ала турган жергиликтүү курулуш бригадалары боюнча маалымат базасы түзүлөт.

Ошондой эле жергиликтүү курулуш дүкөндөрү үчүн энергия сактоого байланыштуу материалдар жана жабдуулар (түрлөрү, курамы, сапаты ж.б.) боюнча маалымат кампаниялары өткөрүлүп, алардын кызмат көрсөтүүлөрүн илгерилетүү  боюнча окутуу жана колдоо иштери жүргүзүлөт.