«Кумтɵр» компаниясынын нормативдик базаны сактоо жана долбоорлорду жүзɵгɵ ашыруу бɵлүмүнүн кызматкерлери республикалык жалпы билим берүүчү № 21 мектеп-интернатта ишембилик ɵткɵрүштү

«Кумтɵр» компаниясынын нормативдик базаны сактоо жана долбоорлорду жүзɵгɵ ашыруу бɵлүмүнүн кызматкерлери республикалык жалпы билим берүүчү № 21 мектеп-интернатта ишембилик ɵткɵрүштү

Жарыяланган: 23 October 2017

2017-жылдын 7-октябрында «Кумтɵр Голд Компанинин» нормативдик базаны сактоо жана долбоорлорду жүзɵгɵ ашыруу бɵлүмүнүн кызматкерлери начар угуучу жана кийин дүлɵй болуп калышкан балдар үчүн республикалык жалпы билим берүүчү № 21 мектеп-интернатка жардам кɵрсɵтүштү жана анын территориясында ишембилик ɵткɵрүштү.
Окуу жайынын администрациясынын ɵтүнүчү боюнча кумтɵрчүлɵр балдар аянтчасын сырдашты жана окуу классы менен кɵмɵкчү жайдан ортосундагы тосмону жылуулоо жана үн ɵткɵрбɵɵ үчүн курулуш материалдарын сатып беришти, окуучулар үчүн жай жетишпегендиктен, ал кɵмɵкчү жайды мындан ары окуу классына кайра жабдуу пландалууда.
Начар угуучу жана кийин дүлɵй болуп калышкан балдар үчүн республикалык жалпы билим берүүчү № 21 мектеп-интернатта учурда 290 бала окуп жатат.