«Кумтɵр» компаниясынын Балыкчы шаарындагы ɵткɵɵл база кызматкерлери Ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдар коомунун тарбиялануучуларына жардам беришти

«Кумтɵр» компаниясынын Балыкчы шаарындагы ɵткɵɵл база кызматкерлери Ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдар коомунун тарбиялануучуларына жардам беришти

Жарыяланган: 22 September 2017

2017-жылдын 21-сентябрында «Кумтɵр» компаниясынын Балыкчы шаарындагы ɵткɵɵл база кызматкерлери ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жергиликтүү коомунда болуп, ал социалдык мекеменин кырк тарбиялануучусуна белек таратып беришти.

Анын алдында «Кумтɵр» компаниясынын Балыкчы шаарындагы ɵткɵɵл база кызматкерлери акча чогултууну уюштуруп, чогултулган каражаттарга жаӊы башталган окуу жылында балдар үчүн зарыл болгон кеңсн буюмдарын – дептер, калем, альбом, түстүү карандаштарды сатып алышкан.
Мекеменин жетекчилиги жана балдар белектер жана кɵӊүл бургандыгы үчүн «Кумтɵрдүн Элчилерине» – Раимкулова Жылдызга, Кулатаев Алибекке, Чекирбаев Асыкбекке, Сериков Александрга, Кадыралиев Максатка, Абдрахманов Азаматка жана «Кумтɵр» компаниясынын Балыкчы шаарындагы ɵткɵɵл базасынын башка бардык кызматкерлерине чын пейилден ыраазычылык билдиришет.