«Кумтөр» компаниясынын жабдуу бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү камсыздоочулар менен бирге Бишкектеги карылар үйүнө жардам көрсөтүштү

«Кумтөр» компаниясынын жабдуу бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү камсыздоочулар менен бирге Бишкектеги карылар үйүнө жардам көрсөтүштү

Жарыяланган: 28 November 2017

Жабдуу бөлүмүнүн өкүлдөрүнөн турган «Кумтөрдүн элчилери» кезектеги социалдык долбоорду ишке ашырышты. Бул жолу «кумтөрчүлөр» жергиликтүү камсыздоочулар менен биргелешип, Бишкек шаардык мүмкүнчүлүгү чектелген жана карылар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесине жардам көрсөтүштү.

Мурунураак, бул социалдык мекеменин директору, аталар жана апалар жалаяктарга жана ошондой эле кир жуучу каражаттарга абдан муктаж экендигин билдирген. Бул суранычтын негизинде, жабдуу оргкомитети жергиликтүү камсыздоочулар менен байланышкан, жергиликтүү камсыздоочулар 48 таңгак жалаяк алып беришкен. Ал эми, жабдуу бөлүмүнүн жамааты чогулткан каражатка 79,8 кг кир жуучу айна, 10 таңгак каустикалык сода, 16 таңгак агартуучу каражат сатылып алынган. «Кумтөрдүн элчилери» чогулган жардамды социалдык мекеменин өкүлдөрүнө жеткирип берип тапшырды.

Бишкектеги карылар үйү 1961-жылы негизделген жана 300 керебет-орунга эсептелинген. Бүгүнкү күндө бул мекемеде орто курагы 75 жашты түзгөн 201 жаран жашайт. Алардын ичинен 107 эркек, 94 аял.