“Кумтɵр” компаниясынын Балыкчы шаарындагы ɵткɵɵл базасынын кызматкерлери жергиликтүү мектептердин чоӊ класстарынын окуучулары үчүн тааныштыруу экскурсияларын ɵткɵрүшүүдɵ

“Кумтɵр” компаниясынын Балыкчы шаарындагы ɵткɵɵл базасынын кызматкерлери жергиликтүү мектептердин чоӊ класстарынын окуучулары үчүн тааныштыруу экскурсияларын ɵткɵрүшүүдɵ

Жарыяланган: 11 December 2015

“Кумтɵр Голд Компанинин” Балыкчы шаарындагы ɵткɵɵл базасынын кызматкерлери ɵткɵн жарым жылда жергиликтүү мектептердин чоӊ класстарынын окуучулары үчүн тɵрт экскурсия ɵткɵрүштү.
Жолугушуулардын негизги максаты жаш балыкчылыктарды кесиптик багыттоо жана коопсуздук техникасынын базалык принциптерине окутуу, ошондой эле ɵткɵɵл базанын ишмердүүлүгү менен тааныштыруу.
Ар бир жолугушууну кумтɵрчүлɵр иште жана күнүмдүк жашоодо коопсуздук техникасын сактоо канчалык маанилүү экендигин айтуу менен ɵндүрүштɵгү коопсуздук техникасы менен тааныштырудан башташат. Андан кийин окуучуларга Балыкчы ɵткɵɵл базасынын ишин кɵрсɵтүү менен ишканада экскурсия ɵткɵрүлɵт.
Адатта ар бир топто 25ке чейин окуучу болот. Компаниянын адистери алтын ɵндүрүү процесси жɵнүндɵ жалпы маалымат жана бардык кызыктырган суроолорго жоопторду беришет. Болочок бүтүрүүчүлɵрдү дайыма “Кумтɵр” компаниясына жана республиканын башка тоо-кен иштетүүчү ишканаларына ишке орношуу мүмкүнчүлүгүнɵ ээ болуу үчүн кайсы окуу жайларынан керектүү кесиптерге жана адистиктерге окууга боло тургандыгы кызыктырат.
Кумтɵрчүлɵр жергиликтүү окуучуларды ар кандай кырдаалдарда коопсуздук техникасын сактоого жана кийин сапаттуу билим алууга шыктандыруу менен мындай жолугушуулардын жакшы салтын улантууга ниеттенишүүдɵ.

BMYpupil  (2)

BMYpupil  (1)

BMYpupil  (3)