“Кумтɵр” компаниясынын Балыкчы шаарындагы ɵткɵɵл базасынын кызматкерлери жергиликтүү мектептин чоӊ класстагы окуучуларына тааныштырууxe экскурсия ɵткɵрүштү

“Кумтɵр” компаниясынын Балыкчы шаарындагы ɵткɵɵл базасынын кызматкерлери жергиликтүү мектептин чоӊ класстагы окуучуларына тааныштырууxe экскурсия ɵткɵрүштү

Жарыяланган: 07 March 2017

«Кумтɵр Голд Компанинин» Балыкчы шаарындагы ɵткɵɵл базасынын кызматкерлери Балыкчы шаардык Л.Н.Толстой атындагы орто мектептин тогузунчу класстагы окуучуларына экскурсия өткөрүштү.
Жолугушуунун негизги максаты жаш балыкчылыктарды кесиптик багыттоо жана коопсуздук техникасынын негизги принциптерине окутуу, ошондой эле ɵткɵɵл базанын ишмердүүлүгү менен тааныштыруу болду.
Жолугушууну кумтɵрчүлɵр ɵндүрүштɵгү коопсуздук техникасы боюнча презентация менен баштап, “Кумтөрдө” киргизилип жаткан коопсуздук техникасы боюнча «Work Safe – Home Safe» программасына тааныштырып, бардык эрежелерди жумушта да, күнүмдүк тиричиликте да сактоонун маанисин түшүндүрүп беришти. Андан кийин окуучуларга Балыкчы ɵткɵɵл базасынын иши менен тааныштыруу үчүн экскурсия өттү.
Бул иш чара аркылуу кумтөрчүлөр мектеп окуучулары менен жолугушуу салтын улап, ар дайым коопсуздук техникасын сактап жүрүүгө жана келечекте сапаттуу билим алууга үндөштү.
«Биз алтын ɵндүрүү процесси жɵнүндɵ жалпы түшүнүк берип, бардык кызыктырган суроолоруна жооп кайтардык. Балдарга жеткирели деген түпкү оюбуз ар дайым кылдат жана тартиптүү жүрүп, мыкты билим алуу», – деп «Кумтɵр Голд Компанинин» Балыкчы шаарындагы ɵткɵɵл базасынын менеджери Жылдыз Раимкулова белгиледи.
Өз кезегинде окуучулар “Кумтөр” компаниясы кандай иштерин өз көздөрү менен көрүү мүмкүнчүлүгүнө жана экскурсия үчүн ыракмат айтышты.
Иш чараны уюштурган кызматкрелер Кадыралиев Максат, Карагул уулу Ашыр, Цыганков Захар, Раимкулова Жылдыз, Кулатаев Алибек, Тагаева Таалайкуль, Зунунова Замира, Чекирбаев Азыкбек.