“Кумтɵрдүн” кызматкерлери Ысык-Кɵл облусунда ишембилик ɵткɵрүштү

“Кумтɵрдүн” кызматкерлери Ысык-Кɵл облусунда ишембилик ɵткɵрүштү

Жарыяланган: 09 November 2015

2015-жылдын 5-ноябрында корпоративдик социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында “Кумтɵр Голд Компани” менеджерлери менен кызматкерлеринин тобу Ысык-Кɵл обласунун Тоӊ районундагы Кескен-Бел ашуусунда, Тосор айылынын пляжында жана Тамга менен Тосор айылдарынын ортосундагы автоунаа коюучу жайда ишембилик ɵткɵрүштү. Акциянын катышуучулары үч участокту тазалоодон тышкары иш чара эӊ сонун кɵчмɵ тимбилдинг болгонун билгилешти. Акцияны Тоӊ райондук администрациясынын ɵкүлдɵрү да колдоп, алар иш менен эле эмес, ыр менен да жардам беришти. Ал эми жергиликтүү“Кумтɵргө” кызмат көрсөтүүчү компания таштандыларды чыгарууга жүк ташуучу машине берди.

Ишембиликтин демилгечилеринин бири Гүлмира Мукамбетованын айтымында таштандыларды жыйноо боюнча бир жолку акциялар Кɵл жээгинин булгануу маселесин чече албайт. “Биз коомчулуктун жана жергиликтүү ɵзүн өзү башкаруу органдарынын кɵӊүлүн бурууга аракеттендик. Трассанын бойлото эч жерден таштанды челектерин кɵрɵ албайсыӊ, ошондуктан таштандылар бардык жерде чачылып жатат жана бул ɵтɵ кейиштүү кɵрүнүш. Жергиликтүү тургундар жана жергиликтүү ɵзүн өзү башкаруу органдары менен биргелешип берметтей болгон кɵлүбүздүн тазалыгын жана экологиясын сактай алабыз. Бул акцияны уюштурууда чоӊ салымы үчүн “Кумтɵр” компаниясынын Жети-Ɵгүз районундагы туруктуу ɵнүктүрүү боюнча координатор Жолдошбек Кенебаевге ɵзгɵчɵ ыраазылык билдирем» – деди ал.

Демилгелүү топ жээк бойлой курчап турган чɵйрɵгɵ сарамжал мамиле жасоо чакырыгы менен билборддорду орнотууну пландаштырууда. Ишембиликтин бардык катышуучулары (Кадыр Керимкулов, Таалай Жусупов, Турумбек Дүйшɵналиев, Турсунбек Даутов, Сергей Красноштанов, Жолдошбек Кененбаев, Билим Султаналиев, Мелис Султанов, Алмаз Чомокеев, Канат Идрисов, Гүлмира Мукамбетова) ɵткɵрүлгɵн акциядан улам шыктанып, калган кесиптештерин кийинки иш чараларда кошулууга чакырышат.