ЭЛЧИ ЛЕСЛИ ВИГЕРИ КУМТӨР КЕН ЖАЙЫНЫН ИШИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

ЭЛЧИ ЛЕСЛИ ВИГЕРИ КУМТӨР КЕН ЖАЙЫНЫН ИШИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Жарыяланган: 30 April 2026

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери Кумтөр кен жайына барды.

​Таанышуу сапарынын алкагында дипломат Борбордук карьерде болуп, оор тоо-кен техникаларын оңдоочу цехтин жана алтын ылгоочу фабриканын иши менен таанышты.

​Ошондой эле, Лесли Вигери Кумтөр кен жайында көп жылдардан бери ийгиликтүү колдонулуп келе жаткан америкалык Caterpillar компаниясынын оор тоо-кен техникаларынын иштешин көрүп чыкты.

​Иш сапардын жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экендиктерин белгилешти.