«КУМТӨР» уюмдарды жана жеке ишкерлерди Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунунда “Кумтөр” кен ишканасында топурак иштерин жүргүзүүгө өздөрүнүн коммерциялык сунуштарын жөнөтүүгө чакырат

«КУМТӨР» уюмдарды жана жеке ишкерлерди Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунунда “Кумтөр” кен ишканасында топурак иштерин жүргүзүүгө өздөрүнүн коммерциялык сунуштарын жөнөтүүгө чакырат

Жарыяланган: 11 April 2014

ТЕНДЕР ЖАБЫК

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКы (КГК) бардык кызыкдар уюмдарды жана жеке ишкерлерди Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунунда “Кумтөр” кен ишканасында ташуунун орточо аралыгы 4,9 км жана кыртыштын тыгыздыгы 2.2 т/м3 болгондо болжол менен 300000 м3 көлөмдө топурак иштерин жүргүзүүгө өздөрүнүн коммерциялык сунуштарын жөнөтүүгө чакырат.

Бардык билдирме берүүчүлөр конкурска өздөрүнө ыңгайлуудай жана өздөрүнүн эсебинен катышат жана конкурстун бардык жоболорун жана шарттарын кабыл алышат. Билдирме берүүчүлөрдүн алар тарткан ар кандай чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө эч кандай дооматтары кабыл алынбайт.

Бардык билдирме берүүчүлөр документтердин толук комплектин берүүгө тийиш. Билдирме берүүчүлөрдүн суралган документтердин бардыгын бербөөсү же суралган бардык документтерди өз убагында бербөөсү же бардык кошумча суралган документтерди бербөөсү билдирме берүүчүнү дисквалификациялоонун себеби боло алат.

“Кумтөр” кен ишканасына таанышуу сапарлары каралган эмес. Кошумча бардык маалыматты же түшүндүрүүнү төмөнкү электрондук дарек аркылуу сурап алууга болот: kumtor_localbuyer@kumtor.com.

Желимделген конверттердеги конкурстук комиссиянын председателинин наамына билдирмелер Жумагулова Гаухар тарабынан Бишкек ш. Ибраимов көч. №24 дареги боюнча “Учкундун” имаратынын 14-кабатында 2014-ж. 2-майында саат 17ге чейин кабыл алынат. Бул датадан кийинки же электрондук почта боюнча түшкөн билдирмелер каралбайт.

Жабдууга талаптар:


– Автосамосвалдар 25 т– 24 бирдик. Резервдик машиналардын болушу зарыл.
– Бульдозерлор Б10 же эквиваленти – 4 бирдик. Резервдик машиналардын болушу зарыл.
– Фронталдык жүктөгүчтөр 3 м3 – 5 бирдик. Резервдик машиналардын болушу зарыл.
– Виброкатоктор 18 т – 1. Резервдик машинанын болушу зарыл.
– Автоцистерналар 10-15т 4 X 6 же 6 Х 6 дөңгөлөктүү формуладагы – 3 бирдик. Резервдик машиналардын болушу зарыл.

Кошумча талаптар


“Кумтөр” кен ишканасында техниканын майда-шашылыш ремонтун жасоого гана уруксат берилет. Техниканы иштөө ордуна жеткирүү жана кайра алып кетүү билдирме ээсинин эсебинен жүргүзүлөт.

Иш графиги жана контракттын узактыгы:


Иш графиги – 11 сааттык күндүзгү жана түнкү нөөмөт (күнүнө 22 саат). Токтоолордун эсептелинген убактысы – 15%. Контракттын эсептелинген узактыгы – 2014-жылдын июлунан сентябрына чейин.

КГКнын милдеттенмелери:


Өнөктөш уюмдун кызматкерлерине “Кумтөр” кен ишканасында жашоо үчүн бөлмөлөр жана тамак берүү. “Кумтөр” ишканасында автосамосвалдарды жана мастердин машиналарын эксплуатациялоо үчүн отун берүү.
Өнөктөш уюмдардын иштөөчүлөрүн “Волнадан” (Тамга менен Барскоондун ортосундагы автобус аялдамасы) жана ага чейин ташуу.
Бардык кызыкдар уюмдар жумушчу жана резервдик жабдуунун бардык түрлөрүнө өз сунуштарын каалагандай комбинацияда бере алышат.

Сунуштарда төмөнкү биротоло толук эмес маалыматты чагылдыруу зарыл:


– уюм жөнүндө маалыматты (катталуу күбөлүгүнүн, уставынын, уруксаттарынын жана лицензияларынын көчүрмөлөрүн, салык төлөөчүнүн ишмердүүлүгүнүн мүнөзүнүн параметрлерин, аткарылган иштерди кыскача баяндоо менен ишкер өнөктөштөрдүн тизмесин жана рекомендацияларын);
– жогоруда аталган жабдуу менен иш жүзүндө орун которуштурулган, жүктөлгөн, тегизделген, нымдалган же тапталган материалдын куб метри үчүн “баары камтылган” принциби боюнча суралган бааларды (салыктар жана жана милдеттүү которуулар, жабдууларды мобилизациялоо жана демобилизациялоо, жабдуунун амортизациясы, КТ боюнча мастердин/инженердин жана автослесардын туруктуу иши жана мастердин автомашинасынын эксплуатациясы, эмгек акы+командировкалык акча жана ар кандай үстөк төлөөлөр, оорукана баракчалары, кошумча чыгымдар, пайда сыяктуулар);
– жогоруда аталган жабдуунун иштеши үчүн “баары камтылган” принциби боюнча эсептелген (салыктар жана жана милдеттүү которуулар, жабдууларды мобилизациялоо жана демобилизациялоо, жабдуунун амортизациясы, эмгек акы+командировкалык акча жана ар кандай үстөк төлөөлөр, оорукана баракчалары, кошумча чыгымдар, пайда жана башкалар), аргасыз токтоп туруулар учурунда техниканы башка объектилерде эксплуатациялоо үчүн колдонулуучу суралуучу бааларды;
– уюмдун өндүрүштүк базасы жөнүндө маалыматты (жайгашкан орду, жабдуулары ж.б.);
– техника паркы жөнүндө маалыматты (жабдууга каттоо документтери, жумушчулардын жана резервдик машиналардын саны);
– иштөөчүлөр жөнүндө маалыматты (уюмдун туруктуу иштөөчүлөрүнүн тизмеси, алардын квалификациясы жана кошумча иштөөчүлөрдү тартуу булагы);
– утурумдук иштерди финансылоо үчүн жүгүртүү каражаттарынын болгондугу жөнүндө кепилдик катты;
– ЭК жана КТ боюнча аракеттеги нормалар, катталган бузуулар боюнча маалыматты.

Бардык билдирме берүүчүлөр иштерди дагы сапаттуу жана натыйжалуу аткаруу үчүн зарыл деп эсептешкен ар кандай кошумча шарттарды сунуштай алышат.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКы алынган баалык сунушту толук же жарым-жартылай кабыл алуу же четке кагуу укугун өзүнө калтырат. Өз жабдуусуна ээ, иш тажрыйбасы жана туруктуу иштөөчүлөр штаты бар уюмдарга артыкчылык берилет.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКы эң төмөн бааны берген уюм менен контракт түзүү жөнүндө эч кандай милдеттенме албайт.