ИНВЕСТОР.KG: ДОСПУ ЖЕ ДУШМАНБЫ?

ИНВЕСТОР.KG: ДОСПУ ЖЕ ДУШМАНБЫ?

Жарыяланган: 16 January 2013

INVESTOR.KG: FRIEND OR FOE?Кендерди иштетүүгө катышууга даяр чет элдик компаниялар үчүн Кыргызстан улам «ысык чекитке» айланууда.

ТЕРС КЛИМАТ

Өткөн жылда инвесторлор менен жергиликтүү жамааттардын өз ара мамилелери темасы инвестициялык климат жана тоо-кен өнөр жайына чет элдик жаңы компанияларды тартуу өңүтүндө олуттуулардын бири болуп калды. Бирок, эгерде бийлик вертикалынын эң жогорку чокусунан Кыргызстан чет элдик капиталдын келишине кызыкдарлыгы жөнүндө оптимисттик билдирүүлөр айтылып жатса, ошол эле учурда региондордо териштирүүлөр кызыды жана калктын ар кандай топтору менен бизнес-компаниялардын ортосунда аз эмес чыр-чатактуу кырдаалдар чыгып жатты. Көп учурда бул баталиялар компаниялардын офистерин өрттөө жана талкалоо менен аяктады.

«Мындай аракеттер мыйзамсыз жана укукка жат, алар укук коргоо органдары тараптан тиешелүү чаралар көрүлүү менен биздин өлкөнүн мыйзамдарынын алкактарында каралат», — деп бизнесмендер менен жолугушууларда биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаев бир нече жолу билдирген. Бирок тартипсиздиктерди баштоочуларды кармоо жана кылмыш иштерин козгоо инвесторлор үчүн калканч боло алган жок. Бул жөнүндө АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу, КРнын өнөктөш уюмдарынын катышуусу менен Борбордук Азиянын Евразия фонду өткөргөн изилдөөлөрдүн натыйжалары күбөлөп турат.

Жергиликтүү жамааттардын инвесторлорго мамилесине карата социологиялык сурамжылоо үчүн полигон катары республиканын 6 областын камтыган 8 калктуу пункт алынган. Бул пункттар алтын жана башка сырье кендерине бай гана эмес, чет элдик бизнес-компанияларга карата эң терс маанайдагылар болуп саналышат. Жумгал менен Жети-Өгүздө гана калктын 40%дан азыраагы тоо-кен ишмердүүлүгүнө оң же бейтарап мамиледе. Калган калктуу пункттарда инвесторлорду регионго финансылык жардам көрсөткөндөн кийин да дээрлик көргүлөрү келишпейт. Кеп Кадамжай, Чоң-Алай, Нарын, Талас жана Ала-Бука жөнүндө жүрүп жатат. Анын үстүнө изилдөөнүн авторлору баса көрсөтүшкөндөй, Нарын областында кытайлык бизнесмендерди дегеле көргүсү келишпейт. Мында инвесторлор менен күрөшүүгө көбүнчө жаштар даяр. Ала-Бука менен Кадамжайда калк инвесторлорго кендерди чалгындоо этабында эле каршы турууга даяр. Таластын бир катар райондорунда изилдөө жүргүзгөндөрдүн даректерине да коркутуулар айтылды, мына ошондуктан инвесторлорду эмне күтүп турганы түшүнүктүү. Чаткалда да ар кандай каршылык акцияларына даярдык деңгээли жогору, а алар тынч митингге таптакыр окшошпойт. Кыргызстандын түштүгүндөгү инвесторлорго карата чыңалган кырдаал, эксперттердин пикири боюнча, тоо-кен долбоорлоруна эле тийиштүү эмес.
Эң жагымдуу инвестициялык климат Жети-Өгүздө катталган. Ал «Кумтөрдү» иштетип жаткандардын калкка карата оң мамилесинен улам жетишилген.
Бул райондун жашоочулары – Кыргызстан кендерди өздөштүрүүнү арбытышы жана инвесторлор менен ишкер жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү орнотушу керек деп эсептеген аз сандагылардын катарында. Изилдөөдө айтылгандай, жалпысынан, бардык «ысык чекиттерде» «Кумтөргө» эң бейкапар мамиле катталган.

БАШКЫ ФАКТОРЛОР — ЭКОЛОГИЯ ЖАНА КОРРУПЦИЯ

Изилдөөгө ылайык, жергиликтүү жашоочуларда негизги нааразылыкты кенди өздөштүрүүнүн экологиялык маселелери жаратат. Жергиликтүү жамааттар сырье ресурстарын казып алуу суунун уулануусуна жана курчап турган чөйрөнүн глобалдуу булгануусуна алып келет деп ынанышкан. Мындан тышкары, Таласта алтын казып алуу областтын жашоочуларына түз радиациялык таасир этүү коркунучун келтирет деп болжолдошот.

Бирок ошол эле убакта, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү кенди иштетүүдөн конкреттүү эмне жашоочуларга коркунуч туудурушу мүмкүн экендиги жөнүндө борбордук жана жергиликтүү бийликтердин чиновниктери тараптан маалымат жоктугун белгилешет. Инвесторлорду терс кабыл алуу негизинен имиштердин жана достор, туугандар жана тааныштар тарабынан жайылтылып жаткан маалыматтын негизинде түзүлөт.

Экинчи олуттуу проблема региондордун жашоочуларынын кендерди иштетүү өлкөнүн пайдасына эмес, өкмөт мүчөлөрүнүн, депутаттардын жана жергиликтүү администрациялардын кызматкерлеринин баюу булагы катары кызмат кылат деп эсептешкенинде турат. Мына ошондуктан өлкөнүн түштүгүнүн жашоочулары бизнес-компанияларга карата көбүрөөк агрессивдүү маанайдагы бардык чыр-чатактуу калктуу пункттарда тоо-кен тармагы өлкө үчүн жакшы деген өкмөттүн өкүлдөрүнүн ишендирүүлөрүнө аз ишенишет. Түштүктө бул маселеде жараштыруучу ролду ойной алуучу ӨЭУлардын өкүлдөрүнө да ишенишпейт. Ошол эле учурда, бийликтердин позициясы Жети-Өгүздө жана Нарында жогорку ишенимге ээ. Баса, «Кумтөр» кантип иштетилип жаткандыгы жөнүндө баарынан Жети-Өгүздө маалымдар, мына ошондуктан анда калктын 50%дан ашууну алар инвесторлордун өздөрүнөн түз алып жатышкан маалыматка ишенишет. Мисалы, Чоң-Алайда бул көрсөткүч болгону 13%ды түзгөн.

Изилдөөнүн авторлорунун рекомендацияларында жергиликтүү жамааттарга токтомдорго жана инвесторлор менен макулдашууларга эркин жеткиликтүүлүк берүү, тоолуу кендерди иштетүүдө кызыл кулактыкка жана баш айлантууларга каршы чараларды катуулатуу зарылдыгы белгиленген. Бирок, эксперттер парламент менен өкмөттүн чет элдик компаниялар региондордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошумча каражаттарды берүү жөнүндө чечимдери абалды сактап кала албай тургандыгы тыянагына да келишти.

ТУҢГУЮККА КАПТАЛУУ

Изилдөөнүн эксперттеринин рекомендацияларынын кеңири тизмеси өкмөт менен бардык зарыл макулдашууларга кол коюп алып, жергиликтүү жамааттардын каршы маанайларынан же чиновниктер тарабынан коррупциялык интригалардан улам ишти баштай албай жаткан инвестор эмне кылуусу керектигине так жооп бербейт.

– Бул изилдөө бийлик алар өз убагында кырдаалды ачыктабай эле коомдо жеке кызыкчылыктар өңүтүндө көп сандаган щектенүүлөрдү түзгөн көп сандаган комиссияларды түзүү жолу менен «Кумтөрдүн» ивесторлоруна каршы аягы жок терищштирүүлөрдү баштагандыгын, азыркы инцидентти түзгөндүгүн көрсөтөт, — деп эсептейт экономикалык эксперт Самат Алиев. – Эми өкмөттө «Кумтөр» синдромун жеңүү үчүн реалдуу рычагдар жок. Атүгүл, бул кен боюнча жакында кезектеги териштирүүсүн аяктаган мамкомиссия эбегейсиз финансылык доолорду коюу менен баарына инвесторлорду айыптайт. Ошол эле учурда, эгерде бүткүл жоопкерчиликти адаттагыдай Акаев менен Бакиевге гана жүктөөгө аракеттенишкенин эске албаганда, коомчулук «Кумтөр» боюнча бийлик өкүлдөрү тарабынан кандай аша чабуулар болгондугу жөнүндө маалымдалбайт. Мына ошондуктан, калктын ар кайсы топтору мамлекет мындай жол менен инвесторлорду кысып жатканын көрүп туруп өз деңгээлинде ал процесске кошулууда, бул акыркы эки жылда улам өсүүдө жана улам радикалдуу мөнөз алууда.

Союзбек Аскаров
«Region.kg» маалымат агенттиги