КЫРСЫКТАН САКТОО КЫЗМАТЫНЫН ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ-КУТКАРУУЧУ УНААНЫН АЙДООЧУСУ

КЫРСЫКТАН САКТОО КЫЗМАТЫНЫН ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ-КУТКАРУУЧУ УНААНЫН АЙДООЧУСУ

Жарыяланган: 22 July 2022

Жабык

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Кырсыктан сактоо кызматынын өрт өчүрүүчү-куткаруучу унаанын  айдоочусу

Билдирүүнүн номери: KGC-22-207 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Өрт өчүрүүчү-куткаруучу унааларды дайым даяр абалда кармоо;
  • Эмгекти коргоо эрежелерин сактоо менен атайын агрегаттарда жана механизмдерде иштөө;
  • Туруктуу өрт өчүрүүчү-куткаруучу унааларды алмаштырууда, эгерде кемчиликтер бар болсо текшерүү, аларды жоюу боюнча чараларды көрүү;
  • Куткаруучу жана гараждык техниканы колдонуу эрежелерин сактоо жана бекитилген техниканы эксплуатациялоо үчүн зарыл болгон документтерди тариздөө;
  • Жумушчулар менен өрт өчүрүүчү-куткаруучу унаалардын тактикалык жана техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча сабактарды өткөрүү;
  • Өздүк курамды унаага отургузуу жана өрт өчүрүүчү-куткаруучу техникалык каражаттарын жайгаштыруу эрежелерин сактоо;
  • Өзгөчө кырдаалдарда бөлүнгөн өрт өчүрүүчү жана куткаруучу унааларды эффективдүү пайдалануу;
  • Радиобайланыш аркылуу маалымат алмашуу эрежелерин билүү жана сактоо;
  • Коопсуздук эрежелерин жана өндүрүштүк санитарияны сактоо менен белгиленген тартипте бекитилген унаалардын техникалык тейлөөсүн жүргүзүү.

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР: 

  • Орто (атайын-орто) же кесиптик билими болуу;
  • В жана С категорияларындагы айдоочулук күбөлүккө ээ болуу;
  • Ушундай кызматта 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болуу;
  • Өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруучу унааларды коопсуз башкаруунун негиздерин билүү;
  • Өрт өчүрүүчү-куткаруучу унааларга өздүк курамды отургузуу жана ташуу эрежелерин билүү, өрт өчүрүүчү-куткаруучу унаалардагы жана алардын базалык шассилерине бекитилген атайын бөлүмдөрдүн, механизмдердин жана түзүлүштөрдүн ишин жана аларды тейлөө эрежелерин билүү;
  • Өрт өчүрүүчү-куткаруучу унаалардагы атайын үн жана жарык сигналдарын колдонуу эрежелерин билүү;
  • Өрт өчүрүүчү-куткаруучу унааларды тейлөө жана учурдагы оңдоо иштерин жүргүзүүдө колдонулган гараждык жабдууларды колдонуу эрежелерин билүү;
  • Өрт өчүрүүчү-куткаруучу унааларды техникалык тейлөөдө, оңдоодо жана пайдаланууда эмгекти коргоо, өрт коопсуздугу, өндүрүштүк санитария, айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин билүү;
  • Microsoft Office программаларын колдоно билүү;
  • Способность выполнять работу в установленные сроки, целеустремленность, внимательность, стрессоустойчивость и коммуникабельность.
  • Ишти өз убагында аткаруу жөндөмдүүлүгү, максатка умтулуу, кунт коюу, стресске туруктуулук жана баарлашуу жөндөмү болуу.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 04-август саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf).

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: KGC-22-207

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.