КӨЗӨӨ-ЖАРДЫРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА ИНЖЕНЕР (КУМТӨР КЕНИНДЕ)

КӨЗӨӨ-ЖАРДЫРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА ИНЖЕНЕР (КУМТӨР КЕНИНДЕ)

Жарыяланган: 27 August 2021

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Көзөө-жардыруу иштери боюнча инженер (Кумтөр кенинде)

Билдирүүнүн номери: KGC-21-0145 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • Берилген участокто долбоорлонгон жардыруу блокторунун параметрлерин аныктоо;
  • Көзөө жана жардыруу иштеринин жүрүүсүн көзөмөлдөө: жардыргыч заттарды заряддоо, скважиналардын үстүн толтуруу, майдалоо, жардыргычтардын сапатын камсыз кылуу жана жеткирүү;
  • Көзөө-жардыруу блокторунун долбоорлорун түзүү жана паспортторун тариздөө;
  • Блоктордо боштуктардын жоктугун текшерүү;
  • Көзөлгөн жана заряддалган скважиналар үчүн жардырылган блоктордун көлөмүн эсептөө;
  • Жардыруу блоктору үчүн монтаждоо схемасын даярдоо;
  • Массалык жарылуу болгон жерден адамдар жана жабдуулар үчүн коопсуз аралыктын радиусун күн сайын эсептөө;
  • Күн сайын маалымат базасын жаңылоо;
  • Көзөө жана жардыруучу материалдарды керектөө боюнча ай сайын отчет түзүү;
  • БВР бөлүмүнүн жумалык планын өз убагында иштеп чыгуу жана түзүү;
  • Көзөө жана жардыруу иштеринин сапатын жакшыртуу жана чыгымдарды азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
  • Көзөө жана жардыруу иштеринин жыйынтыктарын талдоо жана стандарттык иштетүү процедураларынын зарыл болгон жаңыртылышын камсыз кылуу;
  • Массалык жарылуу тартибин текшерүү;
  • Үзгүлтүксүз инспекцияларды жүргүзүү жана көзөө-жардыруу иштеринин туура аткарылышкандыгы жөнүндө акты түзүү;
  • Жарылуудан кийин жардыруу блокторун текшерип талдоо.

 МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Көзөө-жардыруу иштери боюнча инженер кийинки билимдерге ээ болуу керек:

– жер казынасын жана айлана-чөйрөнү геологиялык изилдөө, пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жана башка нормативдик укуктук актыларды билүү;

– пайдалуу кендерди ачык ыкма менен иштетүүдөгү коопсуздук эрежелерин билүү;

– жардыруу иштериндеги коопсуздук эрежелерин билүү;

– иш нускамаларын жана көзөө-жардыруу иштеринин өндүрүш тартибин билүү;

– көзөө-жардыруу иштериндеги коопсуздук талаптарын билүү;

– көзөө-жардыруу иштерин жүргүзүүнүн принциптерин, ыкмаларын, эрежелерин жана шарттарын билүү;

-жарылуучу материалдардын түрлөрүн жана мүнөздөмөлөрүн, аларды колдонуу, ташуу, эсепке алуу жана сактоо эрежелерин билүү;

– жарылбай калган скважиналарды жоюу боюнча нускаманы билүү;

– көзөө-жардыруу иштеринин экономикасынын негиздери;

– жогорку жана башка органдардын чечимдерин, буйруктарын, башка башкаруу жана нормативдик документтерин билүү;

– кыска жана узак мөөнөттүү мезгилде жарылуучу заттарды жана жардыруу каражаттарын сарптоонун ченемдерин билүү;

– эмгек мыйзамдары;

– өрттөн коргоо эрежелери;

– эмгекти коргоо боюнча эрежелер.

  • Көзөө жана жардыруу иштери жаатындагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага ээ болгон адистер жактырылат.

ЖУМУШ ШАРТТАРЫ:

  • ​​​​​​​Жумуш орду: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Кумтөр кени;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык расмий ишке орноштуруу;
  • Бийик тоолуу шарттарда вахталык негизде иштөө.

Анкета жана резюмени 2021ж. 12 сентябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

ЭСКЕРТҮҮ!  БИЛДИРҮҮНҮН НОМЕРИ KGC-21-0145 КАТТАРДЫН ТЕМАСЫНДА БЕЛГИЛЕНБЕСЕ, АЛАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.